Тажик президенти Эмомали Рахмонов Шанхай Кызматташтык Уюмунун эртең башталчу саммитинин ирегесинде Дүйшөмбү шаарына келген Кытай президенти Ху Цзинтао менен эки тараптуу кызматташтыкты андан ары чыңдоого багытталган биргелешкен декларацияга кол коюшту. Андан тышкары эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу 12дей келишимге кол коюлду.