Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

8:56 Бүгүн Шанхай Кызматташтык уюмунун Дүйшөмбү саммити өтөт


"ШКУ саммити бүгүн Тажикстанда Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу жөнүндө Орусия чечимин колдошу мүмкүн жана Кыргызстан мындай жагдайда четте боло албайт." Мындай пикирин бүгүн “Азаттыктын” түз байланышында коомдук жана саясий ишмер Мирослав Ниязов билдирди. Талдоочу бул маселе эл аралык чыңалууну жаратышы мүмкүн дейт. Бүгүн Дүйшөмбү шаарында ШКУнун 8-саммити өтүп, анда эл аралык проблемалар, терроризмге каршы күрөш маселелери талкууланганы жатат. Ага катышуу үчүн президент Курманбек Бакиев баштаган Кыргызстандын делегациясы кечээ Тажикстанга кеткен. ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Озбекстан, Тажикстан мүчө. (BuS)

XS
SM
MD
LG