Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Тайландын борбору Бангкокто өзгөчө абал киргизилди


Бул тууралуу өлкөнүн премьер- министри Самак Сунтаравет жарыялады. Мунун алдында Бангкокто өкмөттү жактаган жана ага каршы чыккан демонстранттар кагылышкан. Кагылышуудан бир адам өлүп, 30тан ашууну жаракат алган. Өзгөчө абалга байланыштуу армияга борбордо коомдук тартипти сактоо укугу берилди, ар кандай жыйындарга тыюу салынды. Премьер-министрди коррупцияланышканы үчүн айыптаган демонстранттар 26-августан бери өкмөт башчысынын кеңсеси жайгашкан имаратты ээлеп алышкан болчу.

XS
SM
MD
LG