Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Пакистан армиясы Ооганстан менен чектеш аймакта талиб согушкерлерине каршы күрөштө ийгилик бар деп эсептейт


Расмий маалыматка караганда, уруулар жашаган Бежар чөлкөмүндө бир аптага созулган операция учурунда 560тай согушкер жок кылынган. Пакистан тараптан 20 аскер кызматчысы каза таап, 30дайы дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө.
Пакистан өкмөтү ошондой эле ыйык Рамазан айы башталганынын урматына бул чөлкөмдө аскерий операция токтотулганын жарыялады.
Ал эми талибдер, батыш маалымат агентикттеринин кабарларына караганда, Рамазан айы учурунда да кол салууларын токтотууга ниеттенбейт.
Талибандын өкүлү ошондой эле өткөн жума күнү ооган чек арасына жакын жерде жоголгон кытайлык эки инжнер менен эки пакистандык алардын колунда экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG