Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

ИРАН: АЛФАВИТ АЛМАШТЫРУУ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Эдил Сапарбек уулу, Прага Иран тарабынан колдоого ээ болгон бир катар тажик интеллектуалдары улуттук алфавитин кириллицадан араб тамгасына өтүүгө үндөөдө. Алар мындай демилге маданий башаты бир болгон Иран менен Ооганстандагы фарсы тилдүү калктарды тажик элине ого бетер жакындатат деп ишендиришүүдө. Бирок бул чакырууну колдобогондор мындай кадам өлкөдөгү сабатсыздардын санын кескин көбөйтөт жана тажик өкмөтүнүн окуу китеп жана башка басылмаларды, ал түгүл көчө аталыштарынан бери кайра араб тамгасында чыгарууга чамасы чарк деп тынчсызданууда.

Тажик интеллектуалдары, журналисттер жана профессор тилчилер алфавит алмаштыруу маселесин кызуу талкууга алууда. Айрымдары кириллицадан араб жазмасына өтүш керек дешсе, калгандары буга караманча каршы чыгышууда.

Тарыхка көз чаптырсак, БорбордукАзиядагы тажиктер илгертеден бери эле ар түрлүү жазмаларды колдонуп келишкен. Мисалы, байыркы пехлеви жазмасынан тартып, араб, латын жазмаларын колдонгон кезеңдер болгон жана, акыры, 1940-жылдан тартып кирилл тамгаларын колдонуп калышкан.

Араб жазмасына өтүүгө үндөп жаткандар ондогон кылымдар бою тажик жазуучулары, акындары жана илимпоздору эмгектерин араб тамгалары менен жазып келген, эми совет доорунда билим алган жаңы муун ошол көөнө доорлордогу асыл мурасты окуй албай калышты деген жүйөөлөрүн айтышууда.

Мугалим, мурдагы саясатчы Тохир Абдужаббор араб жазуусуна өтүүнүн чечкиндүү тарапкерлеринин бири. Ал тажиктер араб тамгасын үйрөнүшсө, анда алар Иранда басылып чыккан ар кыл өңүттөгү он миңдеген китептерди окууга мүмкүнчүлүк алышат эле дейт.

- Иранда жылына элүү миңден ашуун китеп басылып чыгат. Көпчүлүгү башка тилдерден которулат. Бул китептер бардык темаларга арналган, алардын ичинде философия, тарыхтан баштап, компютер, жаңы технологияларга чейинки тармактарды камтыган китептер бар. Эгерде биз өтө кеңири тематиканы камтыган мындай китептерди чыгара турган болсок, анда буга биз 50 жылдай убакыт коротоор элек. Дегеним биз көптөгөн каражат үнөмдөй алабыз. Болгону араб тамгасын үйрөнүшүбүз гана керек болот.

Ошондой эле Тохир Абдужаббор араб жазмасына өтүү менен жогорку окуу жайларды жана китепканаларды бекер китеп менен камсыз кыла алабыз деп кошумчалап, бул демилгени Иран тарап кызуу колдоого алып жатканын белгиледи.

Деген менен мындай демилгенин терс жагын да белгилегендер аз эмес. Мисалы, айрым сынчылар жазманы өзгөртүү Тажикстанды сабатсыздардын өлкөсүнө айлантат деп тынчсызданууда.
Себеби, статистикалык маалыматка ылайык, учурда тажиктердин болгону он - жыйырма пайыздайы гана араб жазмасын билишет.

“Тажик алфавити жаатында талаш тартыштар” китебинин автору Иброхим Усманов араб алфавити тажик тилинин өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра албайт деп эсептейт. Анын айтымында, жети араб тамгасы тажик тилинде эч колдонулбайт, араб жазмасында “баш тамга” түшүнүгү жок жана, андан тышкары, арабдарда созулма эмес үндүү тыбыштар үчүн да тамга каралган эмес.

Ал эми президенттин кеңсесине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун адиси Сайфулло Сафаров ансыз деле 1990-жылдары атуулдук согуш мезгилинде кыйла жабыркаган билим берүү системасы мындай алфавиттик өзгөртүүлөрдүн айынан ого бетер көптөгөн жаңы кыйынчылыктарга дуушар болот дейт. Сафаровдун оюнча, мындай демилгенин артында Иран менен тыгыз алака кургусу келгендердин саясий мүдөөсү катылып жатат.

- Эгерде биз арабча жазмага кайра өтө турган болсок, анда Иран үчүн бизге саясий да, идеологиялык да таасир этүүгө кыйла жеңилдик болоор эле. Бул – түздөн-түз саясий маселе. Мурда кирилицага өткөнүбүз да саясий чечим болчу. Азыр да ошондой.

Жакында эле президент Эмомали Рахмондун Тажикстан улуттук алфавитин азырынча эч алмаштырбайт деп айтканы бар. Бирок буга карабастан эки тарап тең “акыры жеңишти камсыз кылабыз” деген үмүт менен өз кызыкчылыктарын жигердүү жактап, жүйөөлөрүн калайыкка байма-бай жарыялап келет.

Ал эми Тажикстанга тарыхый коңшулаш борбордук азиялык түрк калктарына келсек, алардын ичинен Түркмөнстан менен Өзбекстан латын арибине кайра өтүшкөн. Казакстан менен Кыргызстанда бул жаатта дагы эле кызуу талкуу жүрүп келет. Азербайжан да латын арибине кайткан. Орусиянын ири түрк тилдүү жумурияты Татарстан латын арибине өтүү тууралуу чечим кылган менен, Кремл ал чечимди саячсий кысым аркылуу жокко чыгарган.

Кыргыздар менен казактардын ата-бабалары эң байыркы убакта – сак-усун доорунда колдонгон жазма азыр жа чечмелене элек. Орто кылымдарда Кыргызстанда сириялык несториандык жазма, орхон-энесай руна сымал жазмасы, бутпарастардын жазмасы, кытай жазмасы, согду жазмасы, уйгур, араб жана монгол жазмалары колдонулган.

Кыргыздардын энесайлык жазмасы – орхон-энесай жазмасынын айрыкча бир түрү болгон. Кыргыздардын айрым топтору Х кылымдан тартып араб жазмасын колдоно баштаган. 1929-жылга чейинки кыргыз китептери жана гезиттери араб жазмасында чыккан.

1928-1939-жылдары Кыргызстанда да латын тамгасы колдонулуп, бирок пантүркизмден чочулаган сталиндик Кремл советтик түрк калктарын бул жазмадан кириллицага көчүрткөн.
XS
SM
MD
LG