Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

АКШ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ БАКУГА ЭМНЕГЕ КЕЛДИ?


Амирбек Усманов, Прага АКШнын вице-президенти шаршемби күнү Бакуга келип, Азери жетекчилиги менен кездешти. Дик Чейни үч күндүк сапары учурунда Грузияга жана Украинага да барат. Чейнинин сөзү менен айтканда, «Россиянын Грузияга басып кирүүсүнөн жүзүнөн нуру качкан» Вашингтонго союздаш береги өлкөлөрдүн жыргалчылыкта жашоосуна терең кызыгат. Дик Чейнинин визити Россия президенти Дмитрий Медведев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө алты өлкөнүн лидерлерин күтүүгө камданып жаткан мезгилге туш келди. Медведев уюм мүчөлөрү орус аскерлеринин Грузияга басып кирүүсүн жана Түштүк Осетия менен Абхазиянын күнкорсуздугун тааныйт деген үмүттө.

Дик Чейни Бакуда сүйлөп, президент Буш аны Азербайжандын жана региондун элине ачык жана жөнөкөй кабарды: «Кошмо Штаттар алардын жаргылчылыгына жана коопсуздугуна өтө жана бекем кызыкдар экенин айтуу үчүн жиберген» деди.

Чейнинин визити Россияга олуттуу эскертүү болуш керек, деп боолгойт Россия жана мурдакы Совет биримдиги боюнча серепчи Стэнли Кобер:

- Менин оюмча, Буштун кеңсеси өзүнүн туруктуулугун көрсөтүүнү каалайт. Бирок, мени риторика ашыкча көп болуп жатканы тынчсыздандырат. Мен муну шахмат оюнуна окшоштурам. Дипломатия шахмат сыяктуу: Сиз жүрсөңүз, атаандашыңыз жүрөт. АКШ жана Россия «Болуптур, эгер биз мындай кылсак, силер кандай жооп бересиңер?» деген суроого анча маани бербей жатышат.

Ройтердин маалымдашынча, Дик Чейни Азери президенти Илхам Алиев менен кездешкенден кийин, Кошмо Штаттар өзүнүн европалык союздаштары, анын ичинде Түркия менен чогуу Азербайжан жана башка Кавказ, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен отун энергиясын ташуучу жаңы жолдордун үстүнөн иштеши керек деген.

Азыр Баку-Тбилиси-Жейхан боросу аркылуу Азербайжан күнүнө 1 миллион баррелге жакын мунай жөнөтөт.

Чейни менен коопсуздук маселеси да талкууланды. Анткени, Россиянын Грузияга басып кирүүсү Азери жетекчилигин катуу ойлонтуп койду, дейт Азери талдоочусу Вефа Гулизаде:

-Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Дик Чейни, албетте, мунай-газ, мунай боросунун, Грузия, Түркия, Жер Ортолук деңизи аркылуу өткөн бардык байланыш системасынын коопсуздугун талкуулашат. Алар Азербайжанды Россиянын мүмкүн болчу чабуулунан коргонун жолун да сүйлөшөт.

Узак жылдар АКШ-Россия арасында бейтарап саясат карманган Азербайжан Грузия кризисинде грузиндердин тарабын алды. Ошон үчүн президент Алиев АКШдан жардам сурашы калетсиз, деген ойдо мурдакы Азери президенти Гейдар Алиевдин масилээтчиси Вефа Гулизаде:

-Менин оюмча, Азербайжан бүгүнгө дейре Россия жана Кошмо Штаттар ортосунда баланстуу саясат жүргүздү. Азыр: «Азербайжандын багыты кандай?» деп ачык сурачу убакыт келди. Эгер биз Батышка ыктасак, Батышты бизди бекем колдогула деп сурашыбыз абзел. Президент Алиев Дик Чейниден Азербайжандын коопсуздугун камсыздап бергиле деп сурайт деп ойлойм.

Азербайжандын да Грузия сыяктуу жикчил аймагы бар. Бул 17 жылдан бери чечилбеген Тоолуу Карабак чатагы.

XS
SM
MD
LG