Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:32

17:50 Акыйкатчынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашылды


Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевден бүгүн алынды. Акыйкатчы институту иштей баштагандан бери бул орунду ээлеп келген Зуурабүбү Үмөталиева апрель айында өз каалоосу менен кызматтан кеткен, мындай ары ыйгарым укктуу өкүлдүктү Бакыт Рысбеков аткара баштайт. Ал учурунда Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын мүчөсү болгон. Ошондой эле Бакыт Рысбеков “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Нарындагы аймактык директири, “Муназа” коомдук уюмунун жетекчиси болуп иштеп келген. 1971-жылы Нарын шаарында туулган Бакыт Рысбеков Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин социалдык-экономикалык факультетин бүтүргөн. (KUs)

XS
SM
MD
LG