Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

КРЕМЛ БОРБОРДУК АЗИЯНЫН ГАЗ ЖАНА МУНАЙ КЕНИНЕ ГАНА ЭМЕС, САЯСИЙ КОЛДООСУНА ДА ЫНТЫЗАР


Грузиядагы согуштук жаңжалга байланыштуу эл аралык чөйрөдөн обочодо калуу коркунучуна кептелген Орусия бир чети, Борбордук Азиядан колдоо издеп, экинчи чети, бул мунайга жана газга бай аймактын Батышка отунду экспорттоосун көзөмөлдөөгө далаалат кылууда. Бул аптада расмий Москва өзбек жана түркмөн газын Европага Орусия аркылуу алып өтүү үчүн жаңы газ куурун куруу долбоорун ачыктады. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү Орусияга дагы, Батышка дагы карата тең салмактуу саясат жүргүзүүгө аракеттенип келет, ошондуктан алар Кремлге таасын колдоо көрсөтүүдөн качып жаткандай сыяктанат.

1-2-сентябрь күндөрү орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин Ташкентке жасаган иш сапары учурунда Орусия жана Өзбекстан жаңы газ куурунун курулушу тууралуу сүйлөштү. Долбоордо Европага жеткириле турган өзбек жана түркмөн газын Орусия аркылуу алып өтүү каралган.

Орусиялык маалымат каражаттары өзбек президенти Ислам Каримовго шилтеме жасап, жаңы газ кууру аркылуу жыл сайын 26-30 миллиард куб метр газ өтөрүн жазып чыгышты.

Макулдашуунун чоо-жайына токтолбостон, Путин Ташкентте кабарчылар алдында сүйлөгөн сөзүндө “бул газ кууру Өзбекстандын жана Борбордук Азиядагы эң ири газ өндүрүүчү өлкө Түркмөнстандын улам өсүп жаткан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө кызмат кыларын” баса белгиледи. Орусиянын газ монополисти “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллерди өз жанына алып алган Путин бул макулдашууга жакынкы келечекте кол коюларын айтты.

Мындан сырткары Орусиядагы ири компаниялардын бири “Лукойл” Өзбекстандагы Кандым жана Гиссар газ кендеринде жыл сайын 12 миллиард куб метр газ өндүрүү долбоорун ачыктады.

Серепчилердин баамында, жаңы газ кууру Орусиянын Борбор Азиялык газга үстөмдүгүн ого бетер бекемдеп, Батыштын Каспий аркылуу Орусияны айланып өткөн газ жана мунайзат куурларын куруу аракеттерине жолтоо болушу күтүлөт.

Өзбекстан менен Орусиянын долбоору Евробиримдиктин Орусиядан отун-кубат боюнча көз карандылыгын азайтуу аракеттерине коркунуч туудурууда. Ушул тапта Орусия Евробиримдикке ал керектеген жаратылыш газынын 40 пайызын жана зарыл мунайзаттын үчтөн бирин жеткирип турат.

Ташкентте Путин менен биргелешип уюштурган маалымат жыйынында Өзбекстандын лидери Каримов “кээ бир айың кептерге карабастан”, Ташкент Орусиянын Борбор Азияда жаңы газ куурун куруу долбооруна каршы эместигин билдирди:

- Биз өзүбүздүн аймагыбыз аркылуу жаңы газ куурунун өтүшүнө макулбуз. Биз буга кызыктарбыз.

Өзбекстандын кызматташууга даярдыгы Москва үчүн олуттуу колдоо болмокчу. Кремл Грузияга куралдуу күчтөрүн киргизип, андан соң Грузиянын жикчил эки аймагынын эгемендигин бир тараптуу тааныгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусияны кескин сынга алып, Кремл ушул тапта колдоонун ар кандай түрлөрүнө муктаж болуп жаткан кез.

Артур Улунян – Москвадагы Балкан, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүн изилдөө борборунун адиси. Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Өзбек кызматына курган маегинде, Улунян мырза ушул тапта Москва саясий колдоого өзгөчө муктаж болуп турганын белгиледи:

- Кремль Ислам Каримовду Орусиянын турумун колдоого көндүрүү аракетин көрүшү күтүлөт, анын акысына Кремл Каримовдун жеке керт башын жана Өзбекстандагы режимди колдоо кепилдигин сунуштай алат.

Орусия Борбордук Азиядагы постсоветтик өлкөлөр, ошондой эле Армения жана Беларус менен бекем мамиле куруу аракетин көрүп келет.

Өткөн аптада Дүйшөмбү шаарында орус лидери Дмитрий Медведев Орусия Тажикстанда үч гидроэлектр ишканасын курууга жардамдашарын билдирди. Мындан сырткары “Газпром” Тажикстанда газ өндүрүүнү колго аларын жана дагы бир орусиялык “Росатом” компаниясы чет элдик инвестицияга муктаж болгон Тажикстанда уран өндүрүү долбооруна көмөктөшөрүн расмий Москва билдирди.

Бирок, мына ушуга карабастан, Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнөн күчтүү колдоону жеңил-желпи эле таба койоору күмөндүү дешет байкоочулар.

Владимир Путиндин Ташкентке жасаган иш сапары маалында, Өзбекстандын Тышкы иштер министри Владимир Норовдун күзүндө Вашингтонго барган жаткандыгы кабарланды. Эгерде ушул маалымат тастыкталса, анда бул жогорку деңгээлдеги өзбек аткаминеринин 2005-жылы май айындагы Анжыян кыргынынан соң АКШга жасаган алгачкы сапары болмокчу. АКШ менен Өзбекстандын мамилелери Анжияндагы коогалаңдан кийин начарлап кеткен.

Айрым маалыматтарда расмий Ташкент өзүнүн аскердик базаларынын бирин Ооганстандагы антитеррордук иш-чараларга колдонуу үчүн АКШга кайрадан сунуш кылып жаткандыгы айтылууда.

Түркмөнстан менен Казакстан дагы Орусия менен Батышка карата тең салмактуу саясат жүргүзүү аракетин көрүп келет.

Өткөн аптада Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери “Орусиянын Түштүк Кавказдагы кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин” жылуу маанайда сыпаа белгилегени менен, Абхазия жана Түштүк Осетиянын эгемендигине байланыштуу маселеде ШКУ тарабынан расмий Кремлге президент Медведев каалагандай деңгээлде колдоо көрсөтүлгөн жок.

“Известия” жана “Коммерсант” өңдүү орусиялык белгилүү гезиттер дагы Медведев Кавказдагы саясатына байланыштуу ШКУга кирген өлкөлөрдөн жана Беларустан өзү күткөндөй деңгээлде колдоо таппагандыгын жазып чыгышты. Эми Орусия бүгүн (5-сентябрда) Москвада өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) саммитинде дагы Грузиядагы саясаты жаатында кайрадан колдоо издээри күтүлүүдө. Уюмга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Азырынча Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин Орусиядан башка Никарагуа гана тааныды. Беларус менен Венесуэла расмий Москванын грузиялык жикчил аймактардын көз каранды эместигин тааныган кадамын “түшүнүү менен” кабыл алаары тууралуу сыпаа билдирүү менен гана чектелишти.
XS
SM
MD
LG