Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

13:06 И.Кадырбековду шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер катары каттоо маселеси бүгүн каралат


Бул тууралуу “Ата Мекен” партяисынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Асанбай округдук комиссиясы И.Кадырбековду ИИМден талапкердин соттолгон соттолбогону жөнүндө маалымат түшпөгөндүгү менен негиздеп жатышат. “ Мындай жагдай талапкерди каттоого жолтоо болбошу керек, анктени шаардык комисссия ИИМден маалымат алуу процессин өзү көзөмөлгө алышы керек. Бул биздин партиянын атынан талапкердиигин көрсөтүп жаткан И. Кадырбековго карата административдик кысым”, дейт Ө.Текебаев. Саясатчынын белгилешинче, талапкерлерди каттоо боюнча 5 күндүк мөөнөт кечээ аяктады, ал эми шаардык комиссия И.Кадырбековду каттабай жаткандыгынын себебин расмий билдире элек. Курулуш жана архитектура боюнча мамагенттиктин мурунку жетекчиси И.Кадырбековду талапкер катары каттоо же каттабоо маселесин шаардык комиссия бүгүн кечинде карайт. “Ата Мекен” партиясынан шаардык кеңешке шайлоого катышууга 27 талапкер катталды.

И.Кадырбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген шек менен Каржы полициясынын тергөө башкармалыгы тарабынан камакка алынган. 26-августта Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту И. Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча ишти карап, аны дагы алты айга камакта калтыруу чечимин чыгарган. (MSu)

XS
SM
MD
LG