Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Эмки кезек ар апта сайын берилип келе жаткан “Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөгүбүздө. Түрмөгүбүздүн азыркы сиздерге тартуулана турган жаңы чыгарылышы айтылуу ак таңдай төкмө акын, залкар комузчу, обончу, дастанчы, куудул, ырчы-аткаруучу Токтогул Сатылган уулунун кара чечекей кызы, темир ооз комузчу Гүлсаранын чыгармачылыгына, жаркын элесине арналат. Берүүбүздүн биринчи бөлүгү темир ооз комузчу, 1959-жылы калың калкка тартууланган “Токтогул” аттуу көркөм фильмдин сценариясын жазган автордун бири – Гүлсаранын тагдырына арналат. Маркум менен кабарчыбыз Балбай Алагушов мындан 49 жыл мурун баардашкан. Ал маекти кабарчыбыз сары майдай жеке казнасында (архивинде) сактап жүрүп, бүгүн болсо “Азаттыктын” угармандарына алгачкы жолу тартуулап отурат.

1910-жыл. 1898-жылдын 17-18-майындагы Анжиян шаарындагы падыша аскеринин эки ротадан турган гарнизонуна кол салган Мадали эшен баштаган козголоңчулар орустарга каршы көтөрүлгөндө Токтогул Сатылган уулу да ага катышкан деген кине менен ак жерден айдалып, көрбөгөн кордуктарды көрүп, тартпаган азаптарды тартып жүрүп киндик каны тамган жерине, кутмандуу элине келет.

Токтогул Сейдимкан аттуу кызга үйлөнөт. Ал этегинен жалгап кызыл кызды, ак уулду төрөйт. Атасы кызынын атын Гүлсара, уулунун атын Бабажан коёт.

Током көзү өткөнгө (1933-жылга) чейин Гүлсара менен Бабажанды бапестеп багуу менен өнөрүн үйрөтөт. Гүлсара комуздун коштоосунда атасынын терме, санат ырларын ырдайт. Бабажан болсо Токомдун күүлөрүн чертип, комуз чапканды үйрөнөт.

1961-жыл. Сентябрь айы.

Эртең мененки саат ондор чамасында орто бойлуу, келбеттүү, көргөндөрдүн көз жоолорун алгандай кооз кийинген бейтааныш, колунда кутучага салынган комуз кармаган орто бойлуу, арыкчырай жигитти ээрчитип, мен иштеген Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясынын бөлүмүнө күндөй күлүңдөй, бешенеси айдай жаркыраган келин кире келди.

Саламадашкандан кийин ал өзүн айтылуу ак таңдай төкмө акын, атактуу комузчу Токтогулдун кызы Гүлсара, жанындагысы бир тууган иниси Бабажан экенин тааныштырды да, өзү темир ооз комузду кагарын, иниси Бабажан комуз чаап, күү чертерин, экөө 1964-жылы белгилене турган Токомдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арнап, “Атабыз болсочу” деген күү чыгарышканын, мүмкүн болсо радиого жаздырганы келишкенин айтты.

Гүлсара эженин улуу башын кичик кыла инисин ээрчите келгени мен үчүн Токомдун өзүн көргөндөй кубанычтын кучагына баттым.

“А-бу” деп сүйлөшкөнчө Гүлсара эже темир ооз комузун алып, азыркы сиздерге тартуулана турган “Келиндердин кербези” аттуу күүсүн мындайча кага баштады.

Эженин ооз комузду катыра ойногонуна көзүм жеткенден кийин күүлөрүн тасмага жазаардын алдында атасынан канча жашында калганын, Токомдун атак-даңкын чыгарган улуу шакирттери кимдер экенин билиш үчүн микрофон сунганымда Гүлсара эже:

- Мен атам өлгөндө 9 жашта элем. Атамдын өнөрүн өзүндөй үйрөнө албасам да, көргөн билгендеримди, уккандарымды алып калууга тырышып аракеттендим. Атам отурган элди толкундаткан күүлөрүн чертип, алардын боорлорун тыта күлдүргөнүн, бир эле учурда угуп отургандарды ыйлата турган кептерин, ырларын таң аткыча кирпик какпай угуп отура берчүмүн.

Атамдын черткен күүлөрү, ырдаган ырлары алиге чейин көкүрөгүмдө жазылып, кулагымда жаңырып, жан дүйнөмдө жашап келет. Атам өзү өлсө да, атамды өз көздөрү менен көрүп, бирге жүрүшкөн курбу-курдаштары, шакирттери, замандаштары кайра тирилтишти.

Атай Огомбаев атамдын күүлөрүн өзүндөй так, даана чертпесе да, окшоштуруп угуучуларды толкундатып, кээде атамдын кулк мүнөзүн, кыял жоругун көз алдыма элесте чертчү эле.


Гүлсара эже:

- Атам менен бирге жүргөн шакирттери Алымкул Үсөнбаев, Калык Акыев, Коргоол Досиев ж.б. шайырлар чыгармаларын аткарышып кайра тирилишти. Таласта жашаган карыя комузчу Эркесары Бекбазаров да атамдын бир топ күүлөрүн чертет. Айрыкча, ал уккандарды, көргөндөрдү күлдүрө турган башына кийген топусун жорголото черткен “Кыз ойготор”, “Сары барпы”, “Шыңгырама” аттуу ж.б. күүлөрүн жакшы чертет.

Мен Эркесары атанын черткедерин укканда а кишиден көзүмдү албай толкундана отуруп укчумун. Менде атамдын күүлөрүн, ырларын эл арасынан кантип чогултуп алабыз деген тилек чоң болду. Маркум акын Жоомарт Бөкөнбаев атамдын ырларын, күүлөрүн эл арасынан, шакирттеринен чогултууга көп аракеттенди. Атамды тиргизген көздөрү өтүп кеткен маркум Калык Акыев, Алымкул Үсөнбаев, Атай Огомбаев, Коргоол Досиев ж.б. күүлөрүн чертишип, ырларын ырдашып, элибизге калтырышты.

Атам мен үчүн өлсө да, атамды сүйгөн эл үчүн тирүү. Маркум Карамолдо Орозов атам жөнүндө толкундана мурдун тердете бирге отургандай комуз черткенин, ырдаганын айтканда ыйлагым да келээр эле. Өзгөчө Муса Баетов атамды көрбөсө да “Туткун”, “Кербезим”, “Келгендеги кербезим” аттуу ырлары баштаган көп ырларына обон чыгарды.


Гүлсара эже 1964-жылы белгилене турган Токомдун – атасынын 100 жылдыгы жөнүндө:

- Атам кыргыз элине гана улуу акын катары таанылбастан өзбек, казак элдерине да таанылган. Өзбектин калк артисти, айтылуу Молдо Тойчу менен жолугушуп айтышкан.

- Атамдын туулган күнүнүн жүз жылдыгына карата «Атамдын өмүрү» деген китеп жазайын деп Анжиянга, Ташкенге, экинчи жолу камалган Наманган түрмөсүнө бардым. Атамды көргөн билген кишилер мени көргөндө ушунчалык толкунданышып, кээ бир жеримди атама окшоштурушуп, атамдын мүнөзүн, кыял жоругун, топусун жорголо күү черткенин айтып эскеришти.

Анжияндан Алимжан деген киши азыркы Өзбекстандын белгилүү жазуучусу К.Яшендин атасы молдо Нурман менен атам жаш кезинен бери дос экенин айтып берди. Атам Нурман эмес, башка кишилер менен да байланышы бар экен. 92 жаштагы Айтпай деген аксакал азыр да ак жибектей сакалын жайкалтып күүлү демдүү. Ал “атаңыздын черткен күүлөрү, ырдаган ырлары, көргөн кордуктары, кыялы менен уккандарды мас кылар эле.

Биринчи жолу атаңды Анжияндан айдалганда көрдүм. Ошондон тартып Токомду тааныйм” – деди. Көрсө Анжиянда атамды көргөн билгендер көп экен. Аларга да жолуктум. Ленин районунун Бүргөндү деген жеринде атамдын эмчектеш болуп бирге чоңойгон Жолдош тагасынын балдары бар экен. Алар атамды сүрөттөп айтышып, өнөрлөрүнө өздөрүнүн беришкен бааларын уктум.

Совет өкмөтү жаңыдан башталганда 1917-жылдан тартып атамды билген көргөн кишилер өтө көп экен. Алар менен сүйлөштүм, көп маалыматттарды алдым. Мен атамдын жүз жылдыгына карата атамдын бүткүл өмүр баянын колумдан келишинче бардыгын калтырбай жазууга тырышып жатам.

Режиссер Н.Н. Кладо менен атам жөнүндөгү “Токтогул” аттуу көркөм фильмдин сценариясын жаздым. Аны элге тартууладык.

Менде бир гана атам үчүн талбай эмгек кылсам, билгенимди элибизге тартууласам деген гана тилек. Атам бир гана менин атам эмес, кыргыз эли, комузду, ырды сүйгөндөрдүн атасы. Алар Токтогул дешсе сыймыктанышат,
- деп Гүлсара эже иниси Бабажан менен “Атабыз болсочу” аттуу күүсүн бири темир ооз комуздун, экинчиси комузда аткарып беришкен эле.

Тилекке каршы 1961-жылдын ноябрь айынын аягында Гүлсара эжеге күтүлбөгөн жерден күлгүндөй 35 жаш курагында кызы менен бирге газдын иси уруп, ууланып, ойлогон ойлоруна, көздөгөн максаттарына жетпей түбөлүк келбес жайга сапар алды.

Андан бери арадан 49 жыл өттү.

Гүлсара эженин сөздөрүн, күүлөрүн уккан сайын алгачкы жолу жолугушкан күндү, эженин келбетин көз алдыма элестетем.

О, чиркин дүнүйө, көрсө өлүм айтып келбейт тура деп өксүйм.


(Сүрөттө: Гүлсара Токтогул кызы)
XS
SM
MD
LG