Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

5-сентябрда Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммити өттү. Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын билдириши боюнча анын жыйынтыгында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери Орусиянын Түштүк Осетиядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ролун колдоого алышып, Грузиянын аракетин агрессия катары баалашты. Анткен менен айрым талдоочулар Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө болгону үчүн гана бул ирээт Орусияны колдоого аргасыз болгондугун айтышууда. ЖККУга мүчө мамлекеттердин Грузияны айыптап, Орусияны колдоого алышы Кыргызстан менен Батыштын, анын ичинде АКШ менен мамилесине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгында Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин таануу маселеси ар бир мүчө мамлекет өз алдынча чече турган иш катары каралаары белгиленди. Бул тууралуу жыйын бүткөн соң Москвада өткөн маалымат жыйынында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев билдирди.

Буга чейин Грузиянын курамындагы эки жикчил аймак өздөрүн эгемен мамлекет катары жарыялашып, аны Орусия, андан Никарагуа тааныган болчу. Ошентип Түштүк Осетия менен Абхазиянын күнкорсуздугун Орусиянын Белорус сыяктуу эң жакын союздаштары дагы таануудан тартынып турушат.

ЖККУга мүчө мамлекеттер жума күнү кабыл алган декларацияда Кавказдагы окуяларга кайрылып, Грузиянын Түштүк Осетияга жасаган аракеттерин агрессия катары мүнөздөштү. Саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Кыргызстандын коопсуздугун ЖККУ гана камсыздай алат, ошондуктан бул уюмга мүчө катары расмий Бишкектин Орусияны колдогон бул позициясы түпкүлүгүндө туура кадам. Бул өз кезегинде президент К.Бакиевдин тышкы саясатта бышып калганын көрсөтүп турат дейт Токтогул Какчекеев:

- Кыргызстан ЖККУга толук ыйгарым укуктуу мүчө. Ошондуктан булар жаманчылыкта да, жакшылыкта да бирге болушу керек. Кыргызстан ЖККУда өз сөзүн айтты. Бул үчүн Курманбек Бакиевге рахмат деп коюш керек.

Серепчинин белгилешинче, бүгүнкү күндө Орусияда бир миллиондой кыргызстандыктар иштеп, жан багып жүрүшөт, ошондуктан мамлекет башчысы аны да эске алса керек.

Кавказдагы кырдаал буга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун жакында Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитинде да талкууланган. Ал ирээт ШКУга уюмга мүчө мамлекеттер Орусиянын Кавказдагы саясатын колдоого алышкан эмес. Саясат талдоочулар аны бул ириде Кытайдын таасири астында кабыл алынган чечим болгон окшойт деп түкшүмөлдөшөт. ШКУдан айрымаланып ЖККУнун жыйынында Орусиянын салмагы үстөмдүү болгондуктан, бул жолу Москвага көбүрөөк шарт түзүлгөнү да айтылып жатат.

ЖККУга мүчө өлкөлөр Орусиянын Кавказда тынчтык орнотуу жаатындагы кадамдарын колдоорун айтышканы менен Грузиянын жикчил эки аймагын - Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанышкан жок. Ошентип эгемен мамлекет катары өздөрүн бир тараптуу жарыялаган жикчил эки аймакты азырынча дүйнөдө эки гана мамлекет тааныган кези.

Эл аралык байланыштар боюнча адис Аскар Мамбеталиевдин көз карашында, Кыргызстан Жамааттык кызматташтык келишими уюмуна мүчө болгондугу үчүн гана Орусияны колдоого аргасыз болду:

- Ушул жерде ал (Кыргызстан - авт) мен колдобойм деп да айта албайт. Муну Батыш да жакшы түшүнүшөт. Мейли, деп Орусияны да таарынтпаганга аракет кылып, базаны (“Манас” аскерий база - авт) да чыгарабыз дебей, унчукпай турганы эле жакшы. Азыркыдай эле.

Эксперттин белгилешинче, Кыргызстанга ЖККУга мүчөлүк эч пайда деле алып келбейт. “Эгерде Кыргызстан Никарагуа сыяктуу Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныса, анда Батыш өлкөлөрү Кыргызстанга артын салышы толук ыктымал”, - дейт А.Мамбеталиев.

Ал эми саясат таануучу Орозбек Молдалиев Кыргызстан ЖККУга мүчө катары уюмга кирген башка мамлекеттерден айырмаланып, Кавказдагы кырдаал боюнча өзгөчө, калыс позициясын билдирсе деле болмок:

- ЖККУнун саммитинде ар кандай кеңештер болуп, бир уюмда болгондон кийин бир позицияда болуш керек деген шылтоо менен бир чечимге келишкени көрүнүп турат. Анан ар кандай убадалар болгон болуш керек. Инвестициялар болот деген сыяктуу. Биз эми сөз жүзүндө Орусиядан көп эле убадаларды алып атпайбызбы. Эгер жөн эле колдоо болгон болсо, бошко кеткен колдоо болуп калат.

Орозбек Молдалиев бул Кыргызстандын өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзө албастыгын көрсөтүп турганын даилдеп койду деген пикирде.
Ошентип Москва саммитинде Орусия ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн колдоосуна арзыганы менен Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таанууда өзүнө бул ирээт дагы шерик таба албаган шекилдүү.

1992-жылы түзүлгөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун негизги максаты - эл аралык террорго жана башка тышкы коркунучтарга каршы биргелешип иш алып баруу. Уюмдун курамына мурдагы советтик жети өлкө - Казакстан, Орусия, Армения, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Белорус кирет. Быйыл уюмда төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Арменияга өттү.
XS
SM
MD
LG