Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Орусия аскерлери Грузиядан бир айдын аралыгында чыгып кетет


Мындай макулдашуу Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө жетишилгенин Орусия жана Франциянын президенттери Николя Саркози менен Дмитрий Медведев билдиришти. Орус президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, орус аскерлери Грузиянын Түштүк Осетия менен Абхазиянын сыртындагы аймактарынан, ал жерде Еврошаркеттин байкоочулары жайгаштырылган соң чыгып кетет. Еврошаркеттин 200 адамдан турган байкоочулары 1-октябрдан кечиктирилбестен жайгаштырылат.
Орусия президенти ошондой эле Грузиядагы жаңжал боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр 15-октябрда Женевада башталарын белгиледи.
Ал эми француз президенти Николя Саркозинин айтымында, Орусия Грузиянын Кара деңиз жээгиндеги Поти портунун айланасындагы көзөмөл бекеттерин бир аптада жоюуга макул болду.
Бирок орус президенти Дмитрий Медведев Москванын Түштүк Осетия менен Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу жөнүндөгү чечими акыркы жана өзгөрүүгө жатпай турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG