Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

К.ТАШИЕВ: ЖККУнун МИНИСТРЛЕРИ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДА БИРГЕЛЕШИП АРАКЕТТЕНҮҮНҮ ТАЛКУУЛАЙТ


Жума күнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин координациялык кеңешинин Бишкек жолугушуусу өткөнү жатат. Кечээтен бери Бишкекке аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн эксперттери келе башташты. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевден Бишкек жолугушуусунун максаты, ага даярдыктар тууралуу сөз куруп берди.

- Министрлердин бул жыйыны кандай максатта чогулуп жатат? Эмне маселелерди талкуулашат?

Өзүңүздөргө жакшы белгилүү болгондой Жамааттык коопсуздук келишим комитетинин ар түрдүү министрлер арасында жыйындары бар. Ошолордун эле арасында мына Өзгөчө кырдаалдар министрликтери дагы жыйын өткөрүүгө камданып жатат. Бул жыйыныбыз жума күнү болот. Бирок ошол жыйында боло турган маселелерди талкулоо, алдын ала даярдыктарды көрүү үчүн ар бир мамлекеттин эксперттери кече күңдөн баштап келе баштады. Эки күн бою эксперттер иштейт.

11-сентябрда министрлер келе баштайт, ал эми 12-сентябрда биз даярдалган документти кабыл алабыз. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин ЖККУнун алкагындагы официалдуу түрдөгү биринчи жыйыны болуп эсептелинет.

- Жыйынтык документтерге эмне маселелер кириши мүмкүн?

Эң башкы маселелер бул мамлекеттер арасындагы өзгөчө кырдаалдар маселесин жөнгө салуу жана эгерде кайсы бир мамлекетте өзгөчө кырдаалдар түзүлө турган болсо бири-бирине тез аранын ичинде жардам берүү боюнча маселелер козголот. Бул биринчи жыйын болгондуктан, бүгүнкү жыйында кыргыз тарап жетекчилик кылат. Себеби, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жетекчиси болуп биздин мамлекет башчысы Курманбек Бакиев турду эле, жакында эле Арменияга өткөрүп берди. Ошондуктан биз азыр жети мамлекеттин министрлеринин келишин күтүп жатабыз.

- Сиздин көз карашыңызда ошол ЖККУга мүчө өлкөлөр жалпы чечүүгө муктаж, өзөктүү, негизги көйгөйү кайсы ушул тапта?

Эң башкы маселелердин бири болуп азыркы күндө жардам көрсөтүүнүн стратегиялык запасы деп коет, башкача айтканда, биз бири-бирибизге жардам берүү боюнча запасты кайсы жерде кармайбыз. Ушул боюнча чоң маселе көтөрүлүп атат. Себеби өзгөчө кырдаалдар кайсы маалда түзүлөт, табийгаттын катаал шартында же болбосо кандайдыр бир техногендик, өндүрүштүк каттаал шарттар түзүлсө ошого биз даяр болушубуз керек.

Азыр мына кыш келатат, кыш маалындагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн чоң маселелер көтөрүлүп жатат. Себеби бул жаратылыш кырсыгына каршы же өзгөчө кырдаалдарга каршы бир мамлекет өзү менен өзү эле күрөшө бербестен, ЖККУнун бардык мамлекеттери чогуу чаран аракет кылалы деген гана маселе.

- Кыргызстан экологиялык кырсыкка көп кабылган опурталдуу аймак катары саналып келатпайбы. Мисалы суу ташкындары, жер титирөө, уулуу зат калдыктарын сактоо жайларды коопсуздандыруу эң эле талылуу маселелер деп айтып жүрөсүздөр. Ушул багытта ЖККУнун жардамына же болбосо кеңешине, тажрыйбасына Кыргызстан таянса болобу? Кандай колдоо, же кызматташтык болушу мүмкүн?

Эң башкысы уулуу заттарды сактоочу жайлар боюнча жардам берүүнүн башкы маселеси бул бүгүнкү биздин жолугушуубузда талкууланбайт. Себеби бул жаратылыш кырсыгы болуп эсептелинбейт. Бул көптөн бери келе жаткан чоң маселе. Муну биз эмдиги жылы биздин президентибиздин демилгеси менен ушул темада эл аралык чоң форум өткөргөнү жатабыз. Мына ошол жерде талкууланат. Ал эми эртеңки боло турган жыйыныбызда бул маселе талкууланбайт.

- Маегиңизге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG