Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Орусиянын Ту-160 үлгүсүндөгү стратегиялык эки учагы Венесуэлага конду


Өлкөнүн аскер- аба күчтөрүнүн маалымат катчысы Александр Дробышевскинин билдиргенине караганда, аларды кечээ Венeсуэланын аскерий аба майданына конгонго чейин НАТОнун учактары коштоп барган.

Орусиянын коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, стратегиялык учактардын Венесуэлага баруусунун жүйөөсү- нейтралдык сууларда машыгуу өткөрүү. Ту-160 учагы өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү, бирок орусиялык тараптын айтымында учурда алар мындай курал менен жабдылган эмес.

Венесуэланын президенти Уго Чавес орусиялык бомба алып жүрүүчү учактардын миссиясын АКШнын таасирине каршы кадамдардын алкагындагы иш катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG