Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Ирактагы америкалык аскерлердин саны кыскаруусун АКШ да, Ирак да каалайт


Бул тууралуу АКШ президенти Жорж Буш билдирди. Ал кечээ Вашингтондо ирактык кесиптеши менен жолуккандан кийин белгилегендей, Ирактагы кырдаал татаал бойдон калууда, бирок былтыр кошумча 30 миң аскер кызматчы тартылуусунун натыйжасында, коопсуздук жакшырды.

Ирак президенти Жалал Талабанинин айтымында, Вашингтон менен Багдаддын ортосунда америкалык аскерлердин бул өлкөдө турушунун укуктук негиздери боюнча стратегиялык макулдашуунун үстүнөн иштөө улантылып жатат.

АКШ келерки жылдын башында Ирактан 8 миң аскерин чыгарып кетерин президент Буш ушул аптада жарыялады, мындан кийин бул өлкөдө 140 миңдей жоокер калат.

XS
SM
MD
LG