Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

ОШ: «АТА МЕКЕН», «ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН» АЙМАКТЫК ЛИДЕРЛЕРИ КАРМАЛДЫ


Кечээ (10-сентябрда) Кара-Кулжа районунун борборунда «Ата Мекен» жана «Жаңы Кыргызстан» партияларынын аймактык лидерлери кармалып, адегенде Улуттук коопсуздук комитетинин бөлүмүндө, кийин ички иштер бөлүмүндө беш саат бою сурак беришкен. Кармалган экөө «Кыргызстандагы революциялык комитеттин өкүлдөрү менен жолугуп, калкка ревкомдун «Президент Бакиевди токтоосуз түрдө конституциялык жол менен бийликтен кетирүү зарыл!» маанисиндеги баракчаларын тараткан» деп айыпталууда. Партия өкүлдөрү муну жалган жалаа катары эсептешсе, жергиликтүү саясат таануучулар мындай жышаандын улантылышы өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө балта чабат деп кооптонушууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Кара-Кулжа районунун борборунда «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук лидери Бактыбек Калмаматов, «Жаңы Кыргызстан” партиясынын аймактык координатору Мамасалы Козубаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитенин жана милиция кызматкерлери тарабынан 10-сентябрда кармалгандыгын ырастады:

- Биргеликте жүргүзүлгөн атайын иш чаралардын негизинде Калмаматов Бактыбек жана мурда Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары болуп иштеп, азыркы учурда “Жаңы Кыргызстан” партиясынын координатору Козубаев Мамасали деген адамдар кармалышкан.

Жеңиш Ашырбаев кармалган эки жаран Кыргызстандагы революциялык комитеттин баракчаларын тараткан деген айып коюлуп жаткандыгын кошумчалады.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук лидери Бактыбек Калмаматов кантип тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кармалышкандыгын мындайча айтты:

- Кечээ Кара-Кулжа райондук улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери саат бирлер чамасында жөн гана жол бойлоп бараткан жерден өздөрүн тааныштырбастан колу-бутту кайрып, зордук менен машинага салып алып кетип калышты. Кара-Кулжада, жалпы эле Ош облусунда революциялык комитеттин элге болгон кайрылуусу баракчалары таркатылган экен. Ошого бизди шектүү деп кармашыптыр. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын координатору Мамасали Козубаев дагы кармалды.

Бактыбек Калмаматов сурак убагында аларды Кара-Кулжа райондук улуттук коопсуздук жана милиция органдарынын жетекчилери опузалашкандыгын белгилеп, бийлик өкүлдөрүнүн мындай аракетин оппозицияга болгон кысым катары баалады:

- РОВДнын, СНБнын начальниктери 9-бөлүмдүн балдары опузалап ар түрдүү жол менен маалымат алганга аракет кылышты. Муну мен бүгүнкү күндө оппозицияны кандайдыр бир кысымга алуу же оппозициянын мүчөлөрүн опузалоо деп баалайм.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кийинки иликтөө иштерин Улуттук коопсуздук комитети улантып жаткандыгын айтып, бүтүмүнөн кийин Калмаматов менен Козубаевдин тагдырын сот гана чечээрин билдирди:

- Баракчада чакырыктар чындап эле биздин конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтиреби, келтирбейби муну учурда атайын эксперттер иликтеп жатат. Ошол эксперттердин бүтүмүнө карап анан кылмыш иши козголбошу ошондо каралат. Эми сот органдары чечет кандай күнөө коюшту.

«Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун Ош облустук лидери Керим Макеев партия президент Бакиевдин саясатын толук колдой тургандыгын, оппозиция менен карым-катышы жоктугун жарыялап, санаалашы Козубаевге тагылган айыпты жалган жалаа катары эсептейт:

- Бул жалган жалаа, муну курулай доомат деп билебиз.

Жергиликтүү саясат таануучу Абдырайым Мамытовдун пикиринче, башкача ойлогон адамдарды куугунтуктоо аракетинин күчөшү өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө балта чабаары шексиз:

- Бийликтин акыркы жылдардагы иш аракеттери менимче, демократияга туура келбейт. Айрым күчтөрдү кыңк эттирбей кармап туруу үчүн ушундай кадамдарга дагы барат деп ойлойм бийлик. Мунун кесепеттери келип-келип эле акыры демократиянын өнүгүшүнө балта чабат, көп партиялык системанын бутка турушуна бөгөт коет.

XS
SM
MD
LG