Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Быйылкы жылдын 8 айында Кыргызстандын экономикалык өнүгүү ырааты 7,4 пайызга жетти. Инфляция деңгээли 15 пайызга чыгып, жыл аягына чейин ал дагы 5 пайызга көтөрүлүшү ыктымал экендиги болжолдонууда. Анткен менен энергетика, курулуш тармагы быйылкыга болжолдонгон чекке жетпей калышы деле мүмкүн. Аны экономикалык эсеп-чотсуз эле күн кур эмес электр жарыгын “жалп” өчүрүүлөр деле айгине көрсөтүп отурбайбы.

Быйыл жарым жылдыкта Кыргызстандын ички дүң продуктунун өсүшү 7,1 пайызга жетип, жаздан тарта энергетикалык каатчылыкка кабылган өлкөнүн өнүгүү ырааты экинчи жарым жылдыкта кыйла жайлап калары болжолдонгон.

8 айдын ичинде Кыргызстан экономикасынын өсүшү 7,4пайызды гана түздү. “Кумтөр” алтын кени менен Кара-Балтадагы тоокен комбинатынын иши жүрүшүп кетсе жыл аягына чейин Кыргызстан экономикасынын өнүгүш ырааты 8 пайызга жетерин Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров болжол кылып отурат.

- Өзүбүздүн иш-аракеттерибиз менен инфляцияны 20 пайыздан ашырбайбыз деген менин үмүтүм бар. Анан ички дүң продукциябыздын өсүшү 7- 8 пайыз тегерегинде болот деген ойлорубуз, пикирлерибиз бар. Анткени мен “Кумтөрүн” өкүлдөрү менен да сүйлөштүм. Бул биринчиден, ушу сентябрдан тарта 4-кварталда эң көп алтын казылып алынат жана өзүбүз 18-19 тонна алтын казып алабыз деген ой-пикирлерин айтышты.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Кара-Балта тоо-кен комбинаты толук кубаттуулукта иштөөгө өтүп жатканын, жыл аягына чейин 1,5 миң тонна уран калдыктарын иштетип чыгууга мүмкүнчүлүгү бардыгын жарыя кылды. А.Жапаров Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүүгө өткөнүн Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Роджер Робинсондун пикири менен бекемдеди.

- Ал киши айтып жатат. Мына 20 айдын ичинде бөлөк өлкөлөргө салыштырмалуу туруктуу өсүш Кыргызстанда байкалып жатат деп.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Роджер Робинсон быйыл апрель айында азык-түлүк баасынын кымбатташынан өлкөдө экономикалык өсүш токтолуп каларын болжол кылган болчу.

- Чын-чынына келгенде азык-түлүккө баанын өсүшүнөн, энергетика каатчылыгынан экономикалык өсүш жайлайт. Бул Кыргызстандагы жакырчылыкка каршы күрөшүүгө терс таасирин тийгизет.

Экономикалык өсүш жалаң энергетикалык кризистин гана таасиринен жайлап калган жери жок. Профессор Жусуп Пиримбаевдин пикиринде, анын себеп-жөнү башка жагдайларга да байланыштуу:

- Өкмөттүн алдында координациялык борбор эч эле түзүлбөй койду. Мамлекет өзүнчө жандуу организм, аны ошондой башкарыш керек. Ошон үчүн министрликтер, комитеттер, ведомстуктар түзүлгөн. Ошолордун баары бир саясаттын тегерегинде иштеш керек. Ар кимиси эле өзүнчө бир кожоюн.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев баалардын көкөлөп кетишинен социалдык аялуу катмар гана зыян тартпаса, калктын калган бөлүгүнүн кабак-кашы анчалык деле бүркөлбөй тургандыгын айтат:

- Бул бизде эсепке кирбеген опсуз көп акча бардыгын туюнтат. Анан да бул көмүскө экономиканын натыйжасы. Мына ушул жашыруун ишкердиктин өнүгүш деңгээлине биздин өлкөдө түзүлгөн экономикалык жагдай көз каранды.

Акылбек Жапаров электр энергиясын маал-маал өчүрүүдөн орто жана чакан ишкердик чоң зыян тартып жатканын белгиледи:

- 1 сом продукциянын өздүк наркынын 10 – 20 пайызга чейинкисин электр энергиясы түзөт экен. Электр энергияны башка нерсе менен алмаштыра албайсың. Май менен иштөөчү механизмдерди колдоно турган болсо бир киловат саат электр 10-16 сомго чыгып кетет экен. Ошондуктан көп нерселер жарык өчүрүүлөрдөн токтоп жатат. Жыл аягына чейин ушундай болсо 840 миллион сомдук продукция албай калабыз деген биздин эсептерибиз бар.

Энергетикалык кризистин капшабынан Кыргызстан экономикасы кандай зыян тартканы жыл аягында ачыкка чыгат. Кургакчылык улана берсе эмдиги жылы энергетикалык тартыштык кандай болорун боолголош кыйын эмес.
XS
SM
MD
LG