Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:27

КЫРГЫЗСТАН: СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН ЭЛЕСИ КАЛЫП ӨЗҮ ЖОК...


Кыргызстандагы медиа өкүлчүлүк өтүп бараткан аптада быйыл өлкөдө журналисттерге айып пул салуу кескин өсүп кетти деген билдирүү менен чыкты. Ушул эле аптада 1 млн. сомдук айыпты төлөбөй жатат деген негиз менен “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков 24 саат камакта отуруп чыкты. Кыргызстандагы маалымат каражаттары жана журналисттер кирептер болгон жагдайлардын себептерин иликтеген апта окуясы “Азаттыктын” окурмандарына сунушталат.

Журналисттерге жана маалымат каражаттарына доомат артып, сотко кайрылгандар - дээрлик мамлекеттик кызматкерлер же алардын жакындары. Медиа Институт тараткан маалыматка караганда быйыл маалымат каражаттарына жана журналисттерге салынган айып пулдардын өлчөмү мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки-үч эсеге көбөйүп кетти.

Жарыяланган гезиттик материалдар үчүн быйыл айрыкча жабыр тарткандардын катарында “Алиби” жана “Де-факто” гезиттери турат. Бул эки гезиттин ар бирине адегенде сот президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин арызынын негизинде 1 млн. сомдон айып пул төлөөнү милдеттендирген болчу. Гезиттер адам өмүрүн алган жол кырсыгына президенттин тууганынын тиешеси болуш ыктымалдыгы тууралуу материал жарыялашкан.

Сот чектеген айыпты төлөгөн жок деген негиз менен “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-сентябрда эки күнгө камап, сотто кароо мөөнөтү келгенде кайра бошотту. Бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер Жээнбековдун сотко жетпей бошотулушун коомчулуктун кысымынын тыянагы деп баалашты. Анткени, 24 саат ичинде оппозициялык бир топ партиялар, “Акыйкат үчүн” кыймылы, бир катар коомдук уюмдар камакка алууну сынга алган кайрылуулар менен чыгышкан болчу. Сотко жеткирбей бошотуу себебин ички иштер кызматы айткан жок. Ал эми баш редактор Бабырбек Жээнбеков тергөөчү Турат Байчаев келтирген негиздерди “Азаттыкка” айтып берди:

- Мени чыгарып атканда тергөөчү айтты: “Мен сени сотко алып барган күндө дагы сот мындан ары отурушуңа санкция берерине менин көзүм жетпей атат. Анткени, үч жылга чейин эркинен ажыратуусу каралбаган адамдарды камакка алууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан, мен сени чыгарууга мажбур болуп атам” деди.

Учурда ошондой эле “Де-факто” гезитинин жагдайы да кылдын кырында турат. Анын мойнунда азыр Асылбек Салиевдин арызы боюнча салынган 1 миллион сомдон тышкары дагы 3 миллион сомдук доо бар. Мындай доо Айыл жана суу чарба министри Арстанбек Ногоевдин, Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаар башкармалыгынын башчысы Таалайбек Далбаевдин, Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин арыздарынын негизинде коюлган.

Буга “Де-факто” Замира Молдоева аттуу жарандын атынан жарыялаган мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык аракеттери тууралуу кайрылуусу себеп болду. Ушул эле гезиттик материалдын негизинде жалган маалымат таратты деп Чолпон Орозобековага каршы шаардык милиция кылмыш ишин козгоп, тил кат алган. Кылмыш кодексинде мындай айып үчүн үч жылдан беш жылга чейинки жаза чектөө каралган. Мындай айып тагуу Кыргызстан эле эмес, КМШ тарыхында биринчи катталгандыгын укук коргоочулар байма-бай айтып, маалымат каражатына катаал чара колдонулууда деп коңгуроо кагышууда.

Мындан тышкары гезитке алгачкы миллион сом айыпты төлөй элек деген негиз менен экинчи кылмыш иши козголгондугу кабарланууда. Бирок айыптоочу тарап мындай маалыматты расмий тастыктай элек. Ошол эле мезгилде тергөөчү Турат Байчаев “Азаттыктын” суроосуна берген жообунда гезиттин баш редактору жана гезит ээси үйүндө жок болуп жаткандыгын билдирген болчу. Чолпон Орозобекованын маалымат агенттиктерине билдиргенине караганда, азыр ал үй бүлөсүнүн, балдарынын коопсуздугун сактоо максатында өз үйүнөн башка жерде туруп жатат.

Орозобековага колдоо көрсөтүу ниетин “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди:

- Биз моралдык-материалдык колдоо көрсөтсөкпү деп ойлондук эле. Анткени Чолпон дагы биздин кыргыздын чыгаан кыздарынын бири. Патриот кыз. Кыргызстанды демократиялык жол менен, акыйкат жолу менен өнүксүн, Кыргызстандын келечеги жакшы болсун деген биздин патриоттордун бири. Ошондуктан, ага колдоо көрсөтүү аракетин буга чейин да кылганбыз. Мындан кийин да кылмакчыбыз. Бирок азыр таба албай жатабыз.

Жекшенкулов катарына кирген оппозициялык күчтөр дээрлик бийликти соз эркиндигин муунтуп жатат деп сындашууда. “Де-факто” маселесин жайкы каникул алдында Жогорку Кенештеги социал-демократтар фракциясы да талкуулаган болчу. Чолпон Орозобекова өзү болсо”Азаттыкка” берген мурдагы интервьюларынын биринде гезитке карата соттук териштирүүлөрдү саясий буюртма катары баалаган.

Кандай болгон учурда да Кыргызстанда маалымат каражаттарынын айланасындагы соттошуулар кадырэсе көрүнүш катары карала баштады. Ушул аптада дагы бир мурдагы мамлекеттик кызматкер бир эле учурда үч гезитти жалаа жапты деп сотко бергендиги маалымдалды. Ал эми адам өлтүрүүгө тиешеси бар деген дооматтуу макаланы жарыялаган “Агым” гезитин мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов сотко берип, райондук сотто жеңип алган. Келерки аптада шаардык сот эми “Агымдын” апелляциялык арызын караганы турат.

Ошол эле мезгилде Аликбек Жекшенкулов дагы, гезит ээси, Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев дагы басма сөзгө тикелей жана кыйыр тиешеси бар адамдардын ар биринде саясий маданияттын, моралдык жоопкерчиликтин сакталышын каалаган саясатчылар экендигин “Азаттыкка” билдиришти. Маселен, депутаттын оюнда:

- Чиновниктер өздөру моралдык жоопкерчилик жөнүндо ойлонушса болмок. Терс фактыларга өздөрү себептүү болгонуна карабай, баары бир булар далилдеп бере албайт деген үмүт менен сотко берип атышат. Бул акыркы кезде күч алып кеткен жаман көрүнүш болуп атат. Ошол эле кезде мен бир жактуу болбоюн, биздин журналисттерде деле ушундай калпыстыктар кетип калып атат. Эч кандай фактысы жок туруп эле сындоолор болуп атат. Кээде заказ менен болуп атат. Андай сындар менин ысымыма да берилип атат. Бирок мен сотко берип жанталашып аткан жокмун.

Мурдагы тышкы иштер министри болсо “Агымга” кылмыш ишин ачуу жөнүндө арыз берди деген маалыматты төгүндөп, ошол эле мезгилде адамдарга моралдык залака тийгизбеш үчүн журналисттер негизги үч принципти тутунууга милдеттүү деп эсептеди:

- Биринчиден саясий маданият болушу керек, сөз эркиндиги жогору болушу керек, журналисттер моралдык-этикалык маселелердин мыйзамдык негиздерин тутунушу керек.

Ошол эле мезгилде талдоочулар Кыргызстанда сөз эркиндигинин калыптана албай бийликке көз каранды соттордун кысымында калып жатышынын себептерин издөө менен алектенишүүдө. Маселен, Маалымат каражаттарынын арыз-даттанууларын кароо боюнча комиссиянын башчысы Александр Кулинский Кыргызстанда маалымат саясатынын ырааттуу жүрбөй жатышы маалымат каражаттарынын жана журналисттердин дүйнөлүк стандартка жакындашып иштөөсүнө тоскоолдук кылып жатат деген ишенимде.

Муну талдоочу мыйзамдардын ийине жете иштелбегендиги, гезит ээлеринин редакциянын ички иштерине кийлигишүүсү, жаңы технологиянын жоктугу жана кесипкөй адистерден куру жалак болуп жаткандыгы менен байланыштырат:

- Башка жол менен өнүгүү үчүн өнүккөн коом керек. Маселен, Германияда жалаа үчүн кылмыш жазасы бар. Бирок 1916-жылдан бери бир дагы жаза тартыла элек. Өнүккөн коомдо ушундай. Башкача айтканда маалымат каражаттарына байланышкан маселени коом сотсуз эле чечип алат. Бул өңүттө журналисттик жамааттын өзүн-өзү калыпка салуу органын түзүү аракетинен балким бизде майнап чыгаар. Бул дегеле батышта жагдайды жөндөөнүн натыйжалуу жолу катары саналат. Бул ишке ашыш үчүн этикалык эрежелер сакталышы керек. Батышта ар бир журналист өз маалымат каражатындагы этикалык эрежелерге баш ийет, сактайт.

Кулинский жетектеген Маалымат каражаттарынын арыз-даттанууларын кароо боюнча комиссия маалымат айдыңындагы чыр-чатактарды сотсуз чечүү максатында жаңы түзүлгөн уюм болуп эсептелет.

Кыргызстанда азыр маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн “Маалымат алуу укугу жөнүндөгү”, “Маалымат каражаттары жөнүндөгү”, “Маалымат жөнүндөгү”, “Телерадиоберүүлөр жөнүндөгү” мыйзамдар жөндөйт. Маалымат саясатын жүргүзүү милдеттендирилген Маданият жана маалымат министрлигинин жооптуу кызматкери Мелис Айдаркуловдун айтымында, аталган мыйзамдарды өркүндөтүү багытында аракеттер жүрүп жатат. Бирок адис мыйзамдар оңолгондо эле Кыргызстанда сандаган соттошуулар тыйылат деген ойдон алыс:

- Соттошуулар ошону менен эле токтоп калат деп кепил болуш кыйын. Анткени, редакциянын укуктук билиминен көп нерсе көз каранды.Мисалы, “Алибини” алалы. Алибиси бар кишинин мурдун балта кеспеши керек чынында. Ошол “Алиби” текшерилбеген материалды алып, анын ары жагында саясат жатат да, ошону чыгарып ийип, эми күйүп отурат. Чын-чынына келгенде, ал президенттин тууганыбы, башкабы, кеп анда эмес, такталбаган ошондой материалдарды жарыялардан мурда “жети өлчөп, бир кесиш керек”. Ошол жагынан кээ бир басылмалар саясатка, сенсацияга басым жасап, “алдырып коюп” атышат.

Кыргызстан сөз эркиндиги калыпка түшкөн Борбор Азиядагы бирден бир өлкө катары саналып келатат. Ошол эле мезгилде эгемендик жылдарынан бери маалымат каражаттары менен мамлекеттик кызматкерлердин же алардын жакындарынын соттошуулары өнөкөткө айланганы да айныксыз. 2000-жылдардын башында, маселен, ошол кездеги президент Аскар Акаев үй бүлөсүн “МСН” гезитинен коргоону сурап телекөрсөтүү аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, сотко берерин жарыялаган жайы бар.

Ал эми азыркы президент Курманбек Бакиевдин учурунда маалымат каражаттарына каршы мамлекеттик кызматкерлер тарабынан доо арыздар президенттин тууганы Жаныш Бакиевдин баласы сотко кайрылгандан кийин айрыкча күчөп бараткандыгы эл ичинде кеңири айтылууда.

Көз карандысыз талдоочулар жана укук коргоочулар болсо өз кезегинде маалымат каражаттарына каршы тынымсыз уланып келаткан соттук териштирүүлөрдү сөз эркиндигине жана демократиялык баалуулуктарга кол салуу катары баалап жатышат. Маселен, журналист Бакыт Орунбеков “Де-факто” жана “Алиби” гезиттери баштаган маалымат каражаттарына бийликтин мамилеси анын башкача пикирди каалабай тургандыгынан кабар берет дейт:

- Бизге батыштанбы, чыгыштанбы келип, орноп аткан демократиялык принциптерден көрө башка жолдор оңой, жеңил болуп, бизге сүйлөбөй турган, коомго башка пикир айтпай турган коом түзүлөбү деп ойлоп атам.

Ал эми “Кылым шамы” уюмунун башчысы Азиза Абдырасулованын көз карашында маалымат каражаттарына, айрыкча кыргыз тилиндеги эки гезиттин жабылып калышы коомчулукта нааразылыкты гана жаратып жатат:

- “Де-факто”, “Алиби” обьективдүү маалымат берген кыргыз тилиндеги гезиттердин бири да. Ошондуктан, аябай эле нааразы болуп атабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG