Бул тууралуу премьер-министр Владимир Путин билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, 2009-жылы Улуттук коопсуздук жана коргонуу тармагына 94 миллиарддан ашык доллар бөлүнөт. Владимир Путин өткөн айда Грузия менен болгон согуштук жаңжал Орусиянын куралдуу күчтөрү жаңыланууга муктаж болгонун көрсөткөнүн билдирди.