Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

МОРЕЛДИН ЕВРОБИРИМДИКТИН ГРУЗИЯДАГЫ ӨКҮЛҮ БОЛУШУНУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?


Эдил Сапарбек уулу, Прага Европа Биримдиги Грузиядагы кризиске байланыштуу Тбилисидеги жаңы өкүлүн дайындады – ал француз дипломаты Пьер Морел болду (Pierre Morel). Бул дайындоо орус-грузин жаңжалынан кийин расмий Москва менен мындан аркы алакалар кандай нукта болоору жаатында Европа Биримдигинин ичиндеги бири-бирине карама каршы турумда болгон тараптар орток тилге келүү аргасын издеп жаткан учурга дал келди.

Азыркы тапта Евробиримдиктин президенттигин аркалаган Франциянын кысымынан улам, Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдө (15-сентябрда) Евробиримдиктин Грузиядагы өкүлүн алмаштыруу чечимин кабыл алды. Эми Түштүк Кавказдагы Европа Биримдигинин өкүлү швед дипломаты Питер Семнебинин Грузиядагы ыйгарым укуктарынын кыйласы француз элчиси, буга чейин Борбордук Азияга өкүл болуп келген Пьер Морелге өткөрүлүп берилмекчи.

Морел жаңы кызматын мындай сөздөр менен кабыл алды:

- Мен бул чечимди сыймыктуу кабыл алам. Мен мага тапшырылган жоопкерчиликтин олуттуулугун жана талаптары да оңой эместигин түшүнөм, бирок, менимче, бул кадам Евробиримдиктин аймакты бүлгүнчүлүктөн калыбына келтирүүгө жасап жаткан аракетинин алкагында болууда.

Француз дипломаты Морел расмий түрдө Семнебинин Грузиядагы иш-аракеттерин улантмакчы. Бирок Морел мурдагыдай эле Евробиримдиктин Борбордук Азиядагы өкүлү кызматын да аркалай береби, ага швед дипломатынын милдеттеринин кайсы бөлүгү өткөрүлүп берилет – азырынча бул тууралуу так айтыла элек.

Дегинкиси, Морелдин дайындалышы – Евробиримдиктеги Орусияга карата катаалыраак саясат жүргүзүүнү жактаган Швеция, Польша, аларды колдогон Британия сыяктуу өлкөлөрдүн саясий турумуна расмий Париждин макул эместигин көрсөткөн ишаара болуп калгансыды.

Морел ар дайым Орусия менен тирешпеген саясатты жүргүзүүнү жактап келгени маалым. Ошондой эле ал адам укуктарынын одоно бузулушу үчүн Евробиримдиктин көпчүлүгүнүн каарына калган Өзбекстанга жылуураак көз карашта болгону үчүн да айрым сынчылардын сын-дооматына калганы бар.

Европа Биримдигинин атайын өкүлдөрү ар тарапта абдан маанилүү иштерди аркалап келишет. Бирок алар Биримдиктин саясий нугун аныктабайт, болгону белгилүү бир багытка ишаара кыла алышат. Маселен, Грузияда Морел мырза Семнебиге салыштырмалуу башкачараак саясий горизонтко умтулушу мүмкүн.

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн каршылыгына карабастан Морелди Грузиядагы Биримдиектин өкүлү кылып дайындоого жетишкен расмий Париж мүмкүнчүлүктөн пайдалана калуу саясатын да жүргүзүүдө. Себеби 2009-жылдын 1-январында Евробиримдиктин президенттиги ротация жолу менен Франциядан башка өлкөгө өткөрүлүп берилет.

Франция президенти Саркозинин Морелди бул кызматка дайындашы, серепчилердин айтымында, Европа Биримдигинин аткаруу бийлигинде өз саясий нугун колдогон дипломаты аркылуу расмий Париж өз тышкы саясатын жакынкы келечекте ырааттуу жүргүзүүгө далаалат жасап жатат десе да болчудай.

XS
SM
MD
LG