Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

07:10 Өлкөнүн экономикалык абалы боюнча “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы бүгүн форум өткөрөт


Кыймылдын лидерлеринин бири, коомдук-саясий ишмер Амангелди Муралиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, иш чарада азык-түлүк, энергетикалык коопсуздук маселелери, кризистик абалдан чыгуунун жолдору талкууланат. Мындан тышкары иш чарада өлкөнүн финансылык саясаты, республикага каражаттарды тартуу маселелери жана Салык кодексинин долбоору талдоого алынат. Муралиевдин айтымында, жыйынга республикадагы коомдук жана саясый күчтөрдүн, бийлик өкүлдөрүнүн, илимпоздордун жана эксперттердин катышуусу күтүлүүдө. Форумда талкууланган маселелер боюнча сунуш, пикирлер кыймылдын атынан президентке жана өкмөткө жолдоноору маалымдалды.(MSu)

XS
SM
MD
LG