Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

ЕВРОБИРИМДИК-БОРБОРДУК АЗИЯ: ОРТОК КӨЙГӨЙЛӨР БАРБЫ?


Франциянын ордо шаары Парижде бейшембиде (18-сентябрда) болуп өткөн бир күндүк жолугушууда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери коопсуздук маселелеринен тышкары отун-кубат жаатындагы кызматташтыкты да талкуулашты. Укук коргоочулар болсо Европа Биримдигинин лидерлерин аймактагы адам укуктарынын одоно бузулушун көз жаздымда калтырбоого чакырышты.

Европа Биримдиги менен Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөрдүн өз ара кызматташтыгын аныктаган башкы факторлордун бири – коопсуздук маселеси. Борбордук Азия Европанын чордонунан алда канча алыс болгонуна карабастан, андагы туруксуздук айланып келип Европа Биримдигине кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондуктан бул алгачкы жолугушуу коопсуздукка байланыштуу ар кыл маселелерге арналды.

Жолушугуу бүткөн соң, бейшемби күнү кечинде маалымат жыйынында чыгып сүйлөгөн француз тышкы иштер министри Бернар Кушнер (Bernard Kouchner) Европа Биримдигинин Борбордук Азия аймагы жаатындагы артыкчылыктуу кызматташтык багыттарын мындайча ачыктады:

- Биз баңги заттарды жана адамдарды тымызын сатууга (каршы күрөш), өзөктүк куралдарды жайылтпоо, чек ара аймактарын башкаруу, жана кеңири алганда, ресурстарды башкаруу жана терроризм маселелери тууралуу талкуу өткөрдүк.

Албетте, Европа Биримдигинин көзүн жайнаткан нерсе – Борбордук Азиянын көпчүлүк өлкөлөрүндөгү мунайзат жана газ байлыктары.

Ага жетүү үчүн Европа Биримдиги бул аймактын өкмөттөрүн Кремлге моюн сунбастан, өз отун-кубат байлыгын Европага Орусияны айланып өтчү атаандаш куур долбоорлору аркылуу чыгарууга ынандырууга умтулууда.

2007-жылы июнь айында кабыл алынган Биримдиктин Борбордук Азия жаатындагы жаңы стратегиясынын оодук бөлүгүн отун-кубат жана коопсуздукту чыңдоо жаатындагы кызматташтык түзөт.

Копсуздукка келсек, Ооганстан менен чектеш Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөгү кырдаал да көңүл чордонунда болду.

Париж жолугушуусуна катышкан Тажик тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи өз өлкөсүнүн жагдайын кабарчыларга мындайча сыпаттады:

- Тажикстан Ооганстан менен өтө узун чек ара аркылуу чектешип турат. Тажик өкмөтү биздин бул коңшубузга карата турукташтыруунун өз алдынча саясатын жүргүзүүдө. Биз оогандар менен бирдей эле тилде сүйлөшөбүз жана бирдей эле тарыхка эгедербиз. Биз үчүн Ооганстандагы туруктуулук өз ата журтубуздагы туруктуулукка тете маселе.

Дүйнөдөгү баңги заттардын 93 пайыздайын түзгөн апийим менен героиндин негизги бөлүгү Ооганстанда өндүрүлүүдө. Ошондуктан Борбордук Азия өлкөлөрү аргасыздан баңгизат ташуунун тымызын жолунун таманында калып жатат.

Маселен, Кыргызстандагы баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин башчысы Болотбек Ногойбаевдин бүгүн (19-сентябрда) Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, жылына Кыргызстан аркылуу 5 тоннадай баңгизат тымызын ташылып өтүүдө.

Бул эл аралык кылмышкерлер чынжырын эч бир өлкө өз алдынча үзө албастыгы да Париж жолугушуусунда белгиленди.

Ошол эле учурда, исламга жамынган террорчуларга каршы күрөш сыяктуу маселелерди айрым борбордук азиялык өкмөттөр өз атуулдарынын укуктарын басмырлоо үчүн шылтоо катары пайдаланып келээри да маалым.

Француз тышкы иштер министри Кушнер мойнуна алгандай, Европа Биримдиги Борбордук Азиядагы адам укуктары маселесин жакын арада чечиле койчу маселе катары көрбөйт:

- Адам укуктары – бул узак жол. Биз азыр бирдей деңгээлде турган жокпуз. Баарыбыз тең Борбордук Азия аймагы үчүн адам укуктарын залкар саясатка айландырууга умтулуп келебиз. Европа Биримдигинин өлкөлөрү узак жылдар бою жана бири-биринен айырмалуу ар кыл жолдор менен адам укуктарын камсыз кылууга умтулуп келген.

Француз тышкы иштер министри жолугушуу маалында Өзбекстан менен Түркмөнстанда абактарда кармалган саясий туткундардын ысымдары ачык маалымдалганын да кошумчалады.

Бейшемби күнү “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 20дай өкүлү Түркмөнстандын Париждеги элчилигине кирип келип, абакта жаткан түркмөн журналисттерин бошотууну талап кылышкан.

Евробиримдик менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгына арналган 18-сентябрдагы маалымат жыйынына түркмөн тышкы иштер министри Рашид Мередов катышпагандыгын да эскерте кетели.

(Сүрөттө: Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев француз кесиптеши Бернард Кушнер менен)

XS
SM
MD
LG