Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Дүйнө коомчулугу Пакистандагы жардырууну уюштургандарды айыптоодо


Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун ишембиде болгон Исламабад шаарындагы Марриотт (Marriott) конок үйүнүн жанындагы террордук жардырууну кескин айыптады. Ушундай эле айыптаган билдирүүлөрү менен башка да бир катар коомдук ишмерлер жана АКШ, Индия, Оганстандын ж.б. мамлекеттердин башчылары чыгышты. Жардыруунун айынан бери дегенде 53 киши набыт болуп, 200дөй киши жаракат алды. Курман болгондордун арасында Исламабаддагы чех элчиси Иво Здарек (Ivo Zdarek) да болгону кабардалды. Соңку апталарда өлкөнүн чек ара аймагындагы исламчыл козголоңчуларга каршы аскердик чаралар күч алган соң, террорчул аракеттер да жанданганы кабардалууда.

XS
SM
MD
LG