Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

14:50 “Кылмыш-Жаза кодексин” кайра иштеп чыгуу үчүн парламент комитети комиссия түздү


Аталган мыйзам долбоорун буга чейин президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке кайра кайтарган болчу. Бүгүн парламенттин коргонуу, коопсуздук жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинде “Кылмыш-Жаза кодекси” талкууланып, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев мыйзам долбоорундагы айрым кемчиликтерди кайрадан толуктап иштеп чыгууну өтүндү. Талкууга катышкан депутаттардын пикиринде аталган кодекстин долбоорунда уюшкан кылмыштуу топторго көзөмөлдү күчөтүү, жаш балдарга сексуалдык зомбулук жана алар жөнүндө порнографияга, жаш өспүрүмдөрдү аракечтике, маң заттарына азгырууга байланыштуу кылмыштарга жаза мөөнөтүн көбөйтүү зарыл. (AJ)

XS
SM
MD
LG