Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

АКШ: АДМИНИСТРАЦИЯНЫН КУТКАРУУ ПЛАНЫ КОНГРЕССТЕ КАТААЛ СУРООЛОРГО КАБЫЛДЫ


Каржылык кризиске байланыштуу АКШ администрациясы сунуш кылган куткаруу планы Конгрессте талкууланууда. Мыйзамчыларды ынандыруу аракетинде өлкөнүн каржы министри Генри Полсон менен Федералдык резерв системасынын башчысы Бен Бернанк бүгүн Эл өкүлдөр палатасынын каржы комитетинде чыгып сүйлөшмөкчү. Ал эми Сенаттын Банк иштер боюнча комитетиндеги кечээги талкууларда, алар күтүлгөндөй эле, катаал суроолорго кабылышты. Өкмөттүн сунушуна каршы пикирлер оппозициядагы демократтар гана эмес, республикачылар тарабынан да айтылды.

Вашингтон администрациясы сунуш кылган план каржы тармагын колдоо үчүн бюджеттен 700 миллиард доллар чейин акча ажыратууну карайт. Каржы министрлигине 700 миллиард доллар менен катар кризисти жөнгө салуу үчүн өзгөчө ыйгарым укук да берилиши керек. Ажыратылуучу акча кыйынчылыкка кабылган банктардын тейленбей калган ипотекалык кредиттери, олку-солку болуп турган башка активдерин сатып алуу үчүн колдонулат.

Сенаттын Банк иштери боюнча комитетинин төрагасы, демократ Кристоффер Додд (Christopher Dodd) кечээги талкууда өкмөт сунуштарында каржы институттарына гана жардам берүү каралып, ипотекасын төлөй албаган шартта, үйлөрүнөн айрыла баштаган кардарлар көңүл сыртында калганын айтып чыкты:

-Бул план, менимче, үйүн сактап калышы үчүн бир дагы үй бүлөгө жардам бербейт. Бир дагы ири менежерди миллиарддаган доллардык ууланган активдерин америкалык салык төлөөчүлөрдүн мойнуна оодара салуудан токтотпойт. Ошол эле учурда бул план азыркы жамандыкты жараткандар бонус жана миллиондогон доллардык "алтын парашюттар" менен чыгып кетүүсүнө тоскоол кылбайт. Ага катар бул министрге жана анын мураскерлерине эч жазасыз, кайсыл бир мекемелердин жана соттук инстанциялардын текшерүүсүз аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берет.

Демократ сенатор Кристоффер Додд кабыл алынуучу мыйзам үч принципти камтуусу керектигин кошумчалады. Ал америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы туура жумшаларын, карамагына мынчалык көп акча берилүүчүлөрдүн ишине талаптагыдай көзөмөл орнотулушун, күрөөгө коюлган турак-үйдү сатып алуу укугунан айрылгандардын саны өсүүсү токтотуларын кепилдеши керек.

Ал эми республикачыл сенатор, президент Жорж Буштун саясатын кызуу колдоп келе жаткан Жон Шелби ( John Shelby) өкмөт эконоикага мүмкүн болушунча аз кийлигишүүсү керектигине токтолуп, буларды белгиледи:

-Каржы министрлигинин планында каржы индустриясынын ар жагындагылар үчүн аз эле нерсе бар. Бул ката кетирүү жана тобекелчиликти жерүү менен азыркы кризисти жараткан каржы институттарын сактоого багытталган. Уолл Стрит, эгер көйгөйгө кабылса, өкмөт куткарып кетээрине таянган. Мени баарынан көп тынчыздандырганы- бул план иштеп кетери үчүн ишенимдүү кепилдик бербей жатышканы. Биз 700 миллиард же триллион доллар коротуп, крзисти чече албай калышыбыз мүмкүн.

Каржы министри Генри Полсон айтылган дооматарга жооп берүү менен каржы базарларында өткөн аптада орун алган чакчелекейди эске салды. Каржы институттарынын кыйрашы кредит берилбейт калат дегеди туюндурарын, кредитсиз экономика токторун белгиледи. Конгрессти ойлонбостон, токтоосуз чара көрүүгө чакырды. Ал эми АКШда Улуттук банк катары эсептелген - Федералдык резерв системасынын төрагасы Бен Бернанк ( Ben Bernanke) кырдаалды мындайча мүнөздөдү:

-Каржы базарлары абдан эле морт абалында. Менимче, бул плансыз алар дагы начарлайт. Азыркы абалында эле алар экономиканы колдоо үчүн зарыл функцияларды аткара албай калды. Кредит берилбей калды. Каржылык эмес компаниялар өзүлөрүн каражат менен тез камсыздоого жөндөмсүз. Бул кредит алуу жөн эле мүмкүн болбой калганынан. Колундагы активдеринин баасынан улам мунун аманатчыларга да тиешеси бар.

АКШнын башкы банкири кошумчалаганджай, каржы базарларындагы кырдаал начарлабаган күндө деле, алар куткаруу планысыз экономикалык өсүшкө тоскоол кылган башкы факторго айланат.

Айтор Конгресстеги катаал суроолорго карабай, көпчүлүк байкоочулар куткаруу планы алымча-кошумча, оңдоолор менен ушул же кийинки аптада кабыл алынаарын күтүшүүдө.

Ак үй Конгрессти анын мүчөлөрү шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк алышы үчүн документти сессия ушул апта соңунда аяктаганга чейин бекитүүгө чакырган. Анткени 4-ноябрдагы президенттик шайлоо менен катар Конгресстин Эл өкүлдөр палатасындагы 435 орундун бардыгы жана Сенаттагы 100 орундун үчтөн экиси үчүн кайра шайлоо өтүүдө.

Бул аралыкта америкалык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Федералдык иликтөө кызматы төрт ири каржы институтунда ипотекалык кредит боюнча көз боёомочулук бар же жоктугун териштире баштады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG