Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

14:05 Бишкектин айрым жолдоруна чектөөлөр киргизилет


КМШнын саммитине карата 9-12-октябрда Бишкек шаарынын Тынчтык, Манас, Чүй проспектилери, Фучик көчөсү жана Манас-Бишкек автожолуна чектөөлөр киргизилет, деп билдирди ИИМ Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Болотбек Борбиев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, 9-октябрда Орусиянын президенти Д.Медведев Кыргызстанга расмий сапары менен келет. 10-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин саммити болот. 11-12-октябрда Беларус президенти А.Лукашенконун Кыргызстанга расмий сапары менен келиши күтүлүүдө. Жогорудагы иш чараларга байланыштуу ошол күндөрү айдоочуларды автоунааларын айдабоого чакырган Борбиев, коопсуздук иш чаралары дагы күчөтүлөөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле Бишкекте күнүгө 140-150 миң авто унаалар жүрүп, жолдордо тыгындарды пайда кылып жатканын белгиледи. Болотбеков шаардын кан жолдоруна чабуулдар жасалып, автоунаа токтотуучу жайлардын ордуна башка имараттар орун алганын, Бишкектеги жер алдынан өтүүчү 13 өтмөктүн үчөөсү эле иштерин, автожолдордо тыгындар пайда болбошу үчүн өз сунуштарын өкмөткө жолдогонун билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG