Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

18:30 Жалал-Абатта кутурма оорусун жуктурушу мүмкүн деп шектелген эки адам кайтыш болду


Базар-Коргон районунда кутурган ит тиштегенден эки адам каза болду. Алардын бири жаш бала. Мындай билдирүүнү өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги маалымат каражаттарына таратты. Билдирүүгө ылайык, 1940-жылы туулган аялды кутурган ит 3-сентябрда каап алган, бирок, ал тиешелүү жардам алуу үчүн дарыгерлерге кайрылган эмес. Ит менен оорулардан алынган анализдер кайрадан текшерүүгө жиберилди. 23-сентябрда кутурма оорусун жуктурду деп шектелген 11 жаштагы өспүрүм дүйнөдөн кайткан болчу. Доктурлардын азайды дегенине карабай жыл башынан бери 25 киши жугуштуу күйдүргү дартына, 42 адам ич келте, 800гө жакын киши сарык оорусуна чалдыккан. Имммундук таңсыктык илдетин жуктургандар да көбөйүүдө. Күйдүргүдөн бир адам өлгөн. (YA)

XS
SM
MD
LG