Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

10:40 БШК төрайымы Максим Бакиевдин коркутуп-үркүтүүсүнө кабылганын айтты


Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы көрсөткөн видеокайрылууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова билдирди. Анда Клара Кабилова өзүнүн керт башына келген бул окуядан соң өлкө президенти мамлекеттеги ар бир атуулдардын коопсуздугун сактай алаарынан шек санап калганын айтты. Эгерде өзү же туугандары жана БШКнын мүчөлөрүнө байланыштуу коогалаңдуу окуя болсо түздөн-түз Максим Бакиевди күнөөлөрүн белгиледи. Президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун "кара жана ак канцеляриясы" менен келишпей, шайлоо укуктарындагы маселе боюнча Садыркуловго макул эместигин расмий түрдө жарыялаарын айтты. БШКнын маалымат өкүлү Бакыт Жумагулов видео кайрылуу тууралуу азырынча комментарий бере албастыгын айтты. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев бул тасма тууралуу тааныша электигин, түшүндүрмө бир аздан соң болоорун билдирди. БШКнын басма сөз кызматынан Кемел Белеков БШКнын төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусу негизсиз экенин, Кабилова БШКнын мүчөсү Гүлбара Исабекова экөө Беларус Республикасынын шайлоо комиссиясынын төрагасынын чакыруусу менен кечээ Минск шаарына кеткенин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG