Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

КЛАРА КАБИЛОВАГА БАЙЛАНЫШКАН МАСЕЛЕНИ КООМДУК КОМИССИЯ ИЛИКТЕЙТ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Кечээ оппозициянын жоон топ өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар чогулагандарга БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованы президенттин уулу Максим Бакиев коркутуп-үркүткөнүн, андыктан ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген видеотасманы көрсөтүштү. Тасмада К.Кабилова ошондой эле кызматтан өз ыктыяры менен кеткени тууралуу дагы айткан. Андан көп өтпөй Кабилованы бул кызматтан бошоткон президенттин жардыгы чыкты.

БШКнын мурдагы төрайымы К. Кабилова видеотасма аркылуу жасаган билдирүүсүндө өлкөдөн чыгып кеткенин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Шаардык кенештин депутаттыгына талапкер, абакта отурган Ишенбай Кадырбековдун шайлоо укугун камсыздоо боюнча отурумдан соң, өлкө башчынын уулу Максим Бакиев мени коркутуп-үркүтүп, мазактады. Мен шайлоо укугу тегерегиндеги маселе боюнча Медет Садыркулов башкарган президенттин администрациясынын турумуна кошула албайм, андыктан ырасмий түрдө ээлеген кызматыман өз ыктыярым менен кетип жатканымды билдирем.

“Ата-Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда, Кабилова шайлоо тууралуу мыйзамдарды бузуудан баш тартканы үчүн коркутууга алынган:

- БШК “Ата Мекен” партиясы тарабынан депутаттыка көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбеков абактан чыгарылсын деген чечим чыгарган. Буга нааразы болгон Максим Бакиев Клара Кабиловага чалып, аны коркутуп-үркүткөн. Кабилова шайлоо тууралуу мыйзам жоболорун бузуудан баш тартып, кызматтан кетип, чындык менен күрөшөм деген.

Текебаевдин айтымында, Кабилова Максим Бакиевдин коркутуусунан кийин президент Курманбек Бакиевге, анын күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевге жана бир нече бийлик төбөлдөрүнө жардам сурап кайрылса, эч кимиси аны укпай койгон. Мындан соң Клара айым 25-сентябрда 2-3 күбөнүн
катышуусунда билдирүүнү видеотасмага түшүрүп, кечээ чет өлкөгө чыгып кеткен.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев өлкө башчы Клара айымды 24-сентябрь күнү кабыл алууга макул болгонун, бирок Кабилова жолугуушуга келбегенин ”Азаттыкка” билдирди:

- Президент Кабилованы 24-сентябрда саат 15.00 дө кабыл алмак. Бирок Кабилова ал жолугушууну белгилеп коюп, өзү келбей койгон. Ал эми видеотасма тууралуу айтсам, анын чын-төгүнүн тиешелүү органдар текшеришет.

Ал арада президент Кабилованы кызматынан алып, анын ордуна БШКнын мүчөсү Дамир Лисовскийди төраганын милдетин аткаруучу кылып дайындады.
БШК болсо бул окуя тууралуу билдирүү таратып, анда Клара Кабилованын кайрылуусун чагым салган билдирүү деп баалаган. Билдирүүдө Кабилова бул кызматка келгени башкы бухгалтер 4 жолу алмаштырылганын, мунун айынан 2008-жылдын бюджетине жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө кетүүчү каражаттын долбоору убагында киргизилбей калганы да жазылган. Шайлоо өтпөй калуу коркунучунан улам Кабилова өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу максатында ушул кадамга барды деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө.

Саясат таануучу Аскар Мамбеталиев бул маселенин тегерегинде өз пикирин “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Кабилованын жамаатында дагы ар кандай пикир келишпестиктер болсо керек. Анткени анын кесиптештери ал компетентсиз, начар башкаруучу болчу деп чыгышпадыбы. Мындан тышкары Кабилова президенттин уулу тарабынан кысым көрдүм дейт, ушунун баары кошулуп, аны чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур кылган. Ал эми президенттин аны кызматынан дароо бошотуп салганы эртерээк болуп калды, анткени мындай кадам менен Бакиев Кабилованы кетирүүгө кызыкдар экенин көрсөтүп койду.

Айрымдар бул окуянын айынан 5-октябрда өтчү жергиликтүү кеңешке шайлоо жылдырылышы мүмкүн деген ойдо. Мындай пикирди кармангандардын бири жаш саясатчы Мирзат Ажиев:

- Кабилованыны кетиши абалды өзгөртүшү мүмкүн. Бизде башкаруу кризиси болуп жатпайбы, андыктан алдыдагы шайлоого байланыштуу кандайдыр бир терс өзгөрүүлөр болуп калышы мүмкүн.

Оппозиция өкүлдөрү болсо президентке бул маселени башкы прокуратура иликтөөгө алсын деген талапты коюшту. Ал арада “Акыйкат үчүн” кыймылы Кабилованын видеотасмасын иликтөө үчүн коомдук комиссия түздү.

XS
SM
MD
LG