Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Беларуста ушул жекшембиде парламенттик шайлоо өтөт. Бирок бийликтер уу-дуу жыйын өткөрүп, үгүт-насаат жүргүзбөйт, оппозиция деле унчукпайт. Мындай тымтырстыктын чоо-жайына өз баянында “Азаттыктын” Минскидеги кабарчысы Юрий Дракахруст кайрылды.

Беларустагы азыркы шайлоо өнөктүгүнүн бул өзгөчөлүгүн Беларуста карапайым эл да, чет элдик серепчилер да, журналисттер менен ЕККунун байкоочулары да байкап жатышат. Сыналгыда талкуу, көчөдө ызы-чуу митингдер жок. Шаарларда ал тургай үгүт плакаттары да көрүнбөйт. Бул өлкөдө шайлоо өткөнү жатат, бирок шайлоо кампаниясы өткөрүлгөн жок, мунун сыры эмнеде?

Бийликтер эмне үчүн өнөктүк өткөрбөйт? Себеби бүгүнкү беларус системасы эски советтик системага эле окшош, бир гана айырмасы анын массаларды тынымсыз мобилизациялап туруш керек болгон идеологиясы жок. Беларус бир кишинин көзүнүн агы менен тең айланган автократия гана, анын түбөлүктүүлүгү үчүн эл ар беш жылда бир жолу президенттик шайлоого келип, жол башчыга кулдук уруп кетиши керек.

Бирок бүгүн оппозицияга да элдин кереги жок болуп калды. Беларус Түндүк Корея эмес, канткен менен азыркы шайлоого 110 парламенттик мандат үчүн талапкер болгон 270 кишинин 66сы оппозициячыл активисттер экендигин унутпашыбыз керек.

Кеп оппозиция өзү 1990-жылдардын башында кабыл алган "Европанын акыркы диктаторун бир гана Батыш санкция укуругу менен тизелетет" деген бекем ишенимге таянган идеология-саясатын өзгөртүүгө шашылбаганында болуп жатат.

Учурдагы шайлоо өнөктүгүндө оппозиция шайлоого катышыш керекпи жокпу деп талашып жатып, убакыттын көбүн өткөрүп ийди. Бойкотту колдогондор эл келбей коюп, шайлоо өтпөй калса деген жок, алар болгону эр жүрөктүүлүгү менен Батышты дагы бир жолу таңдантып, шайлоонун мыйзамсыз деп жарыяланышына, демек беларус режиминин ого бетер жалгыз-жарым калышына ишеним артышты.

Ошол эле убакта Минск өкмөтү да бир гана Орусияга таянган мамлекет үчүн гана эмес, өзүнө да коркунучтуу экендигине көзү жеткен шекилдүү. Анткени ал соңку кездери Батыш менен ымалашуу үчүн чын нийеттен аракеттенди. Албетте азыр НАТОго же Евросоюзга кирүү тууралуу сөз да жок, бирок алакаларды нормалдаштыруу мүмкүн. Азербайжан менен Казакстан мисалы демократиянын үлгүсү эмес, Беларус кур дегенде ошолордой Евробиримдик менен мамиле түзүшү мүмкүн.

Мына ушул багыттагы ойлонгон Лукашенко бардык оппоненттерин, анын ичинде номер биринчи саясий айыпкер, президенттикке талапкер болгондон кийин камалган Александр Казулинди түрмөдөн бошоттурду. Мындан да маанилүүсү Минск иш жүзүндө Орусияга кошулуп, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган жок. Ушуларды эске алуу менен айрым анализчилер Лукашенкону Румыниянын экс-диктатору Николае Чаушескиге салыштырышууда. Чаушески да 1970-80-жылдары көз карандысыз тышкы саясаты үчүн Батыш менен салыштырмалуу жылуу-жумшак мамилеге жетише алган.

Сөз чынынан бузулбайт демекчи, оппозицияга тартып айтып койчу жагдай, азыр элдин көтөрүлүүгө даяр экендиги же шайлоочулар жаңыланууга суусап тургандыгы байкалбайт. Оппозиция балким ушундан улам Батыштан сыйкырдуу ишараттарды күткөн боюнча кол куушуруп отуруп жаткандыр.

Бул шайлоодо элдин бийликке да, оппозицияга да кереги жок, ал эми элге, кеминде азырынча, жаңылануунун кереги жок. Андай болсо, Беларуста шайлоо өнөктүгүнүн тымтырс өтүп жатканына эмнеге таң калабыз?
XS
SM
MD
LG