Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

АКШ: ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮНӨ КАРАТА САЯСАТ ТУУРАЛУУ КУЛАК КАГЫШ


Эдил Сапарбек, Прага “АКШ-Мусулман кол сунушуу долбоору” деп аталган топ өткөн шаршембиде (24-сентябрда) атайын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялады. Алар АКШнын мусулман дүйнөсүндөгү жаңы стратегиялык саясаты аркылуу ислам тонун жамынган экстремист жоочуларга бөгөт коюп, байистүү мусулмандарды колдоо аркылуу АКШнын коопсуздугун камсыз кылууга жетишүү мүмкүндүгү тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Деги, бул иликтөө кандай жыйынтык берди экен?

Бир айдан саал көбүрөөк убакыттан кийин америкалыктар башка да милдеттер менен катар АКШнын атуулдарын ар кандай террордук чабуулдардан сактоо жоопкерчилигин өз мойнуна алчу жаңы президентин шайлайт.

Курамына АКШнын белгилүү лидерлери кирген “АКШ-Мусулман кол сунушуу долбоору” тобунун жаңы билдирүүсүндө коопсуздукту камсыз кылуунун оңой олтоң жолу - мусулман дүйнөсү менен дипломатиялык байланыштарды, ал турсун «душман» деп эсептелген Иран өңдүү мамлекеттердин өкмөттөрү менен да тыгыз алакаларды түүзүү керектиги көрсөтүлгөн.

АКШнын жана дүйнөнүн коопсуздугун камсыз кылууда жаңы стратегияны иштеп чыгууну көздөгөн бул топ негизги көңүлдү АКШ менен айрым исламдык мамлекеттердин жана бүт дүйнөлүк коомчулуктун ортосундагы түшүнбөстүктү жок кылуу маселесине бурган.

«Өзгөрүп жаткан дүйнө: АКШнын мусулман дүйнөсү менен алакаларындагы жаңы багыт» дет аталган бул иликтөөнү алар АКШ жана мусулман өлкөлөрүндөгү жүздөгөн саясатчы лидерлердин жана ошондой эле көп сандаган карапайым атуулдардын пикирлерине негиздеп жасашкан.

Баяндаманын эң эле негизги жыйынтыктарынын бири - бул президент Жорж Буштун террорго каршы дүйнөлүк согушунун орунсуз иш-чара катары, ал түгүл айрым учурда АКШнын оңолуп келе жаткан коопсуздугуна кайра шек туудурган иш-аракет катары табылышы. Баяндаманын авторлорунун оюнча, Буштун иш-аракети экстремизмди тамырын таап жок кылууда мажирөөлүк кылган.

Баяндамада, ошондой эле, акыркы жылдардагы АКШнын куралдуу күчтөрүнүн пайдаланылышы кээ бир учурларда зарыл болгону менен, көп учурда Иракта, Ооганстанда жана Пакистанда экстремисттик зомбулукту жоюуга, ал түгүл башка жактагы чабуулдардын алдын алууга жалаң гана аскер күчүнө таянуу майнапсыз экени айтылган.

Баяндаманын авторлорунун оюнча, аскер күчүнө оодук ишеним артуунун айынан Кошмо Штаттар башка өлкөлөр менен терроризмге каршы жигердүү күрөш жүргүзүүнү солгундатып алды.

Иликтөөчү топ ар кыл мамлекеттердеги социалдык теңсиздик жана экономикалык туура эмес башкаруу, бийликтин зомбулук аракеттери сыяктуу жагдайлар экстремисттик маанайдагы мусулман топторуна жана исламчы жоочуларга мусулман жамааттарындагы өзүнүн жеке турмушунун каатчылыгына нааразы кишилердин ичинен улам жаңы колдоо тапканга жагымдуу кыртыш түзгөнүн белгилейт.

Баяндама бардык конгрессмендерге, ошондой эле АКШнын президенттигине талапкер сенаторлор Барак Обама менен Жон Маккейнге да жолдонгону маалымдалды.
XS
SM
MD
LG