Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

УЛУКМАН: ИСА АХУНБАЕВДИН ИШКЕ АШПАГАН ТИЛЕГИ…


Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракеси өтүп, мамлекеттик медициналык академиянын алдында келечекте орнотулчу айкелинин орду белгиленди жана академияга Ахунбаевдин ысмы ыйгарылды. Академик Лео Бокерия бул аптада 4 наристенин жүрөгүнө ал эми түрк хирургу Эртан Үзел да 4 баланын жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасашты. “Азаттыктын” “Улукман” аттуу апталык медициналык берүүсүндө ушул окуялардын тегерегинде сөз болду.

22-сентябрдан тарта Кыргызстанда Борбордук Азияда биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган окумуштуу хирург Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өттү. Мына ушул майрамдык иш чаралар менен биргеликте Бишкетеги жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борборунда Орусиянын жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтунун директору Лео Бокерия жана Түркиянын башкы кардиохирургу Эртан Үзел кыргызстандык 8 наристенин жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасашты.

Ал эми Лео Бокериянын дарыгерлер бригадасы менен келген кардиохирург Александр Ким 2 баланын жүрөгүн операциялады. Лео Бокерия кыргыз коомчулугу менен жолугушууда Бакулев атындагы борбордо учурда да окуп билим алып жаткан кыргызстандык жаштар бар экенин белгиледи:

- Азыр биздин борбордо КМШ мамлекеттеринен жана араб өлкөлөрүнөн баары болуп 500 дөй киши билим алууда, Албетте алардын арасында кыргызстандык жаштар да бар. Союз учурунда жогорудагы мамлекеттерден баары болуп 70-80 эле адам билим алчу биздин борбордон. Биз кыргыз дарыгерлери менен, өзгөчө кардиохирургдары менен жакын байланыштабыз. Кыргызстанда жазылган медицина тармагындагы эмгектерге карата дайыма биздин пикирлер суралып турат.

Ал эми дүйнөгө атактуу кардиохирург Лео Бокериянын пикиринде, жүрөк оорубаш үчүн адам төмөнкүдөй эрежелерди сакташы керек.

- Албетте адам эн биринчиден – алкоголду артыкбаш ичүүдөн, тамеки тартуудан, баңгиликке берилүүдөн жана ашыкча тамактануудан карманышы керек. Көбүрөөк кыймылда болуусу зарыл. Жылына мисалы Орусияда 400 миң адам чылым чегүүдөн көз жумат. Кыймыл, туура жана тойбой тамактануу, дайыма бир убакытта 7-8 сааттан уктоо – адамдын саламаттыгын чыңайт. Мисалы кан басымы жогору адам дарыгердин көзөмөлүндө спорт менен машыгып жүрсө, ошол ооругандардын негизи 50 пайызы тез убакытта гипертония менен ооруганын унутушат.

Ал эми жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов академик Иса Ахунбаевдин – “кыргыз дарыгер-илимпоздору кандидаттык, докторлук эмгектерин өзүбүздө - Кыргызстанда жактаса” деген тилеги – бүгүнкү күндө да ишке ашпай келатканын белгиледи:

- Кыргызстанда кардиохирургдардын диссертациялык кеңешин түзүүгө Иса Ахунбаев менен бирге иштеп калган белгилүү эле аксакалдарыбыз тоскоолдук кылып келатат. Канчалаган жаш адистер кандидаттык, докторлук диссертацияларын кучактап отурушат. Орусияга барып жактайлы десе, жолкиреси эле канча...

Түркиянын медицина жетекчилиги Кыргызстандын жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборуна 17 млн доллар баасындагы ангиаграфиялык аппаратты бекер берди. Аппарат азыр институтка орнотулуунун алдында.

XS
SM
MD
LG