Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Э. САТЫБАЛДИЕВ: КЛАРА КАБИЛОВАГА КЫСЫМ БОЛГОН-БОЛБОГОНУН ТЕРГӨӨ АНЫКТАЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Башкы прокуратура Клара Кабилованын видео кайрылуусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык кайрылууда аты аталган бардык адамдар тергөөгө чакырылып, суралат. Ушул тапта башкы прокуратура кызматкерлеринен түзүлгөн тергөө тобу БШКда иликтөө жүргүзүп жатат. Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев мына ушул маселенин тегерегинде “Азаттыктын” кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

-Элмурза мырза, алгач БШКнын мурдагы төрайымынын видео кайрылуусу боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу айтсаңыз?

-
Быйылкы жылдын 26-сентябрында БШКнын төрайымы Клара Кабилованын видео кайрылуусу боюнча баш прокуратура тастыктап чыгып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш кодексинин 139-беренеси боюнча. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, тергөө тобу түзүлгөн. Бул топ азыр БШКда иш алып барууда.

- Клара Кабилованын кайрылуусунда айыпталып жаткан Максим Бакиевге карата кандай иш-аракеттер жүргүзүлөт, суракка чакырылабы?

-
Албетте сөзсүз суракка чакырылат. Бирок азыр биз Борбордук шайлоо комиссиясын сурап жатабыз. Ал жерден бардыгын тактап алып туруп, сөзсүз сурайбыз.

- Кайрылууну жасаган Клара Кабилованын өзүнө карата кандай иш-аракет болушу мүмкүн? Аны менен байланышууга мүмкүнчүлүк болуп атабы?

-Бүгүнкү күндө эч кандай байланыш болбой жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Себеби ал киши менен байланыш болгондо бизге кылмыш ишин тергөөгө жеңил болмок.

-Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы президенттин уулу тарабынан керт башына коркунуч туулуп жатканы тууралуу сиздерге (башкы прокуратурага) же башка күч органдарына кайрылганы тууралуу маалыматыңыз барбы?

-Менин так маалыматым боюнча, Клара айымдын арызы же кайрылуусу эч бир күч органына берилген эмес.

- “Ата Мекен” партиясы Клара Кабилова телекайрылуу жасап, өлкөдөн чыгып кетүүдөн мурун өзүнүн керт башына болуп жаткан коркунуч боюнча кабарлоо үчүн мамлекет башчынын кабылдоосуна кирүүгө аракет жасап, ошондой
эле президенттин коргоо бөлүмүнүн башчысы Жаныш Бакиев менен телефон аркылуу байланышууга аракеттенип, бирок андан майнап чыкпагандыгын маалымдады. Сиздин кабарыңыз бар беле бул тууралуу?


-Жок, менде бул тууралуу эч кандай кабар жок. Кабилованын кайрылуусунда бул тууралуу сөз жок. Партиянын андай маалымат жарыялаганын да укпаптырмын.

-Клара Кабилованын кайрылуусунда айтылгандай, анын мындай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар кылган окуя –курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер катары катталышы болуп отурат. Анын учурда талапкер катары кол тийбестик укукка ээ болуп туруп, ушул тапта камакта кала берүүсү мыйзамга ылайык келеби?

-Ишенбай Кадырбековдун талапкер болсо дагы камакта жатканы – мыйзамдуу. Анткени бул боюнча соттун чечими бар. Ал эми буга байланыштуу БШК төрайымына кандай кысым болуп жаткандыгын тактоо үчүн кылмыш иши козголду. Ошол кылмыш ишинин аягында такталат баары.

-Клара Кабилованын кайрылуусундагы Максим Бакиевдин дарегине айтылган айыптоолор аныкталса, ага карата кандай чаралар колдонулушу ыктымал?

-
Кылмыш кодексинде кандай чара жазылган болсо так ошондой чара колдонулат.

- Айрым саясатчылар өткөн жылкы референдумдун жана 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалаганы үчүн Клара Кабилованын үстүнөн кылмыш ишин козгоо зарылдыгын айтып чыгышты. Бул үчүн кандай негиз керек? Бейөкмөт уюмдардын, саясатчылардын бул тууралуу кайрылуусу негиз болуп бере алабы?

-Эгер ошондой кайрылуу болсо биз аны тактап, тастыктап көрөбүз. Анын баары далилденсе эмне үчүн кылмыш ишин козгобошубуз керек? Козгойбуз.

-Клара Кабилованын видео кайрылуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иши алгачкы натыйжасын качан берүүсү мүмкүн?

-Он күндүн ичинде алгачкы, баштапкы жыйынтыктарды чыгарса болот.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG