Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:15

АКШ Конгрессинде бүгүн өкмөттүн куткаруу планы боюнча добуш берүү башталат


АКШ өкмөтүнүн добушка салынуучу планы каржы системасын колдоо үчүн 700 миллиард доллар каражат ажыратууну карайт. Бул акча кыйынчылыкка кабылган банктар менен каржы компанияларынын тейленбей калган карыздарын, куну кеткен активдерин сатып алуу үчүн сарпталат. Кабарларга караганда, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы бул планга бүгүн, ал эми Сенат апта соңунда добуш берери күтүлүүдө. Көрүлүп жаткан чара АКШ өкмөтүнүн каржы базарларына өткөн кылымдагы Улуу депрессиядан берки эң чоң масштабдагы кийлигишүүсү. Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси планды Уолл стритти куткаруу эмес, салык төлөөчүлөрдү коргоонун бир түрү жана экономиканы алдыга жылдыруу деп атады. Президент Жорж Буш мыйзамгерлерди өкмөттүн планын тезирээк жактырууга чакырды.

XS
SM
MD
LG