Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

НООКАТТА ИСЛАМЧЫЛДАР АКИМИАТТЫ ТАШ БАРАҢГА АЛЫШТЫ


Бүгүн Ноокатта Орозо айт майрамын райондук борбордун башкы аянтында белгилөөгө уруксат берилбегенине нааразы болгон адамдардын тобу акимчиликтин имаратынын биринчи кабатына кол салып, анын айнектерин талкалап салышкан. Жергиликтүү бийлик бул чыр-чатакты “Хизб-ут тахрир” уюмунун мүчөлөрү жасады деп эсептөөдө. Кабарчыбыз Алишер Токсонбаев Ноокатта болгон окуянын чоо-жайын билип келди.

- Азыр Ноокат районунун борборундагы абал кандай?

- Райондун борборунда азыр акыбал жергиликтүү бийликтин айтымында кооптуурак. Азыр эле облустун губернатору Аалы Карашев келип, жергиликтүү актив менен чогулуш өткөрүп атат. Мен ошол райакимчиликтин биринчи кабатында турам. Райондун акими Абдыган Азиевдин айтымында миң чакты адам топтолуп Орозо айтты борбордук аянтта өткөрүүгө уруксат бергиле деп келишкен. Бирок алардын талабы аткарылбагандан кийин тигилер райондук имаратты ташбаранга алышкан. Биз өз көзүбүз менен көргөндөй, биринчи кабаттагы бардык айнек, терезелер талкаланган. Ал эми ушул иш чараны уюштуруучулардын бири Икрамжан Исаковго азыр эле жолугуп келдим мен. Ал жигит айтып атат, акцияга 2 миң адам кол коюп, бир жума мурда акимге кайрылдык эле, уруксат бербеди, ошондуктан бул сапар эл өзү көтөрүлдү, биз аларды эч кандай шыкактаганыбыз жок деп.

- Демек эртең мененки окуя милиция күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен жөнгө салындыбы, же адамдар өздөрү эле тараштыбы?

- Жергиликтүү бийликтин айтымында, бул жерге Оштон келген милициянын өзгөчө даярдыктагы отрядынын кийлигишүүсү аркасында таркатылды. Бүгүнкү иш чараны уюштуруучулардын айтымына караганда, милициялар желим союлду, ошондой эле көздөн жаш агызуучу газды колдонушкан. Айрымдар милициянын ур-тепкисинде калып, бир нече адам жаракат алышкандыгын да айтышууда.

- Жаракат адамдардан канча адам ооруканага түшкөн-түшпөгөнү тууралуу сизде так маалымат барбы?

-Жергиликтүү укук коргоо органдарына, бийликке кайрылсак алар адамдар эч кандай жаракат алышкан жок деп билдиришүүдө. Бирок бүгүнкү акцияны уюштургандар жаракат алган адамдар ооруканага түштү деп жатышат. Бирок ооруканадан да андай маалымат алалган жокпуз.

- Сиз демилгелүү топ деп айтып атасыз. Демилгелүү топ деген эмнени туюндурат. Мисалы райондун акими сиз менен маегинде ушул иш чаранын артында тургандар боюнча кандай ачык маалымат айта алды?

- Райондун акими Абдыганы Алиев “Азаттыкка” берген маегинде ачык эле айтты, бүгүнкү нааразычылык акциясын “Хизб-ут Тахрир” партиясынын Ноокаттагы өкүлдөрү уюштурганын. Ошондуктан укук коргоо органдары бул окуяны терең иликтеп, күнөөкөрлөрдү токтоосуз жазалоо зарылдыгын, антпесе, аймактагы кырдаал курчуй берерин баса белгиледи. Ал эми бүгүнкү акцияны уюштургандар тарапка кайрылсак, алар эч кандай “Хизб-ут Тахрир” партиясы менен карым-катышыбыз жок, нааразы болгон эл кол топтоп кайрылды, аким ал өтүнүчтү аткарбагандыктан эл өзү көтөрүлдү деп атышат.

- Ушул сааттарда райондук акимчиликтин имаратын коопсуздук күчтөрү кайтарып жатабы, же андай деле жагдай жокпу?

- Акимчиликтин имаратын жергиликтүү милиция кызматкерлери кайтарып атышат. Бизге жеткен акыркы маалымат боюнча, райондун активи баардык аймактарга бөлүнүп, кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракеттерди жасоодо.

- Сизге чоң рахмат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG