Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

14:52 Ноокаттагы баш-аламандык боюнча кылмыш иши козголду


Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Ашырбаев бүгүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кечээ райондун бобордук аянтына чогулган жоон топ акимчилик имаратын ташбараңга алып, айнек-терезелерин талкалап, массалык баш-аламандык уюштурган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Мындан аркы тергөөнүн жүрүшү баш ийбөө акциясынын уюштууручуларын жана анын активдүү катышуучуларын аныктаганда гана, конкреттүү инсандардын ысымы аталмакчы. Нааразычылык акциясын уюштуруучулардын бири Икрамжан Исаков болсо укук коргоо органдарынын айыптоосун четке кагып, Ноокат райакимчилигинин алдына чыккан 1000 чакты мусулман конституциялык укугун талап кылышкандыгын, аларды милиция уруп-согуп тараткандыгын, мындай одоно аракеттери үчүн жергиликтүү бийлик жетекчилери кызматтан кетүүсүн талап кылышаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG