Эки жанкечти өздөрүн шийиттердин мечитинде жакын жерлерде Рамазан айынын аякташы белгиленип жаткан учурда жардырган. Жанкечтилердин бири өзүн мечиттин сыртынан жардырып жиберсе, экинчиси ирак аскерлеринин мечиттин жанындагы көзөмөл бекетин миналанган автоунаа менен келип сүзгөн. Мунун алдында кечээ Багдаддан түндүк тараптагы Балад шаарында мечиттин жанынан миналанган автоунаанын жарылуусунан 4 адам каза таап, 15и жаракат алган.