Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Украинанын премьер-министри газ маселесин талкуулоо үчүн бүгүн Орусияга келди


Юлия Тимошенко Москвада орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен өткөрүүчү сүйлөшүүлөрдүн максаты - келерки жыл үчүн газ баасы аныктоо. Украина азыр Орусиядан сатылып алынган газдын ар бир 1000 кубометри үчүн 180 доллар төлөйт. Бирок Орусиянын газ гиганты-Газпром эми бул коңшу өлкө да көгүлтүр от үчүн базар баасында төлөөсүн көздөөдө. Газпромдун кечээги жарыясына караганда, газдын европалык баасы азыр эң жогорку чекке – 500 долларга чыкты.

Мындай шартта Газпром Украина келерки жыл үчүн көгүлтүр оттун 1000 кубометрине 400 доллардан төлөп калышы мүмкүн экенин ишара кылды.

Ал эми украин премьер-министри Юлия Тимошенконун өткөн аптада айтканына караганда, жогорудагыдай баа өлкө экономикасы үчүн "шок" болмок.

Орусиялык "Интерфакс" агенттигинин жазганына караганда, сүйлөшүүлөрдөн соң кол коюлуучу келишимде газдын акыркы баасы көрсөтүлбөй калуусу мүмкүн, бирок ал Тимошенконун өкмөтүнө Москванын колдоосун көргөзүү болот.

Коалициялык жаңы өкмөт түзүү аракетин көрүп жаткан Тимошенко, мекенинде Орусия менен ымалашып кеткени үчүн сынга алынган.

XS
SM
MD
LG