Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

АКШнын Сенаты каржы системасын колдоо боюнча мыйзамды жактырды


Каржы тармагын колдоо үчүн 700 миллиард долларга чейин акча ажыратууну караган мыйзамды сенаторлордун 74ү колдоду, 25и каршы чыкты. Колдогондор арасында президенттикке талапкерлер: Жон МакКейн менен Барак Обама да болду.

АКШ президенти Жорж Буш Сенаттын чечимин кубаттап, Конгресстин Эл өкүлдөр палатасын да ушундай кадамды мүмкүн болушунча тезирээк жасоого чакырды. Эми документ Эл өкүлдөр палатасында кайрадан эң эрте дегенде жума күнү добушка салынат. Мунун алдында, дүйшөмбү күнү Эл өкүлдөр палатасы мыйзамды четке какканда, эл аралык каржы базарларында акциялардын баасы арзандаган.

Мыйзамдын өзгөртүлгөн үлгүсүндө бизнеске салык боюнча жеңилдик берүү, банктагы аманаттардын сакталышына мамлекет берүүчү кепилдиктин өлчөмүн көбөйтүү каралды.

Каржы системасын колдоо планына ылайык өкмөт банктар менен каржы институттарынын тейленбей калган карыздарын, нарксызданып кеткен активдерин сатып алуу үчүн миллиарддаган доллар сарптай алат.

XS
SM
MD
LG