Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын абалы боюнча буга чейин болуп көрбөгөн семинар кечээ Ташкентте башталды. Эки күнгө белгиленген жыйында басма сөз эркиндигинин маселелери биринчи ирээт режимдин нукура сынчыларынын катышуусу менен талкууланууда. Бирок андагы жалгыз тоскоолдук – талкуунун жүрүшүн пресса чагылдыра албагандыгы.

Еврошаркет демөөрчүлүк кылган конференцияны буга чейин өзбек бийликтери эки ирээт кийинкиге калтырып койгон эле. Эми анын кечээ башталуусу Еврошаркет өзбек расмий өкүлдөрүнө каршы киргизген визалык чектөөнүн убактысынча токтотулушун жана курал эмбаргосун кайра кароого даярданып жаткан учурга туш келди. Жогорудагыдай жазалоочу чаралар Ташкентке каршы 2005-жылы, Анжияндагы кан төгүүдөн соң киргизилген.

"Массалык маалымат каражаттарын либералдаштыруу: Демократиялык коомдун маанилүү компоненти" деп аталган семинарга президент Ислам Каримовду аяосуз сындап келгендер, анын ичинде Эл аралык кризис тобу, Эл аралык мунапыс, "Хьюман Райтс Уотч" өңдүү уюмдарынын расмий өкүлдөрү да катышууда.

Өзбек бийликтери ошондой эле талкууга жергиликтүү айрым журналисттердин келүүсүнө жол берди, бирок жыйынды чагылдыруу үчүн жергиликтүү да, чет элдик да калемгерлер чакырылган жок. Жыйындын соңунан пресс-релиз таратылары гана маалымдалды.

Басма сөз эркиндиги боюнча семинардын прессанын катышуусуз өтүшүнүн кандай мааниси бар? Елса Видал - Чек арасыз кабарчылар уюмунун Европа жана мурдагы СССР өлкөлөрү боюнча директору:

- Эгер мындай окуя болгону менен бирок журналисттердин ал тууралуу айтуусуна жол берилбесе, окуянын маңызы абдан эле жоголот. Өзбек бийликтери сөз эркиндигине толук көзөмөл орнотууну көздөп жаткан кезде, мен мунун маанисин көрбөй турам. Демек мен мындай демилгеден бир нерсе чыгарынан бир аз шегим бар. Сиз бир эле учурда журналисттерден унчукпоону талап кылып, ошол эле учурда басма сөз эркиндигинин абалын алга жылдыра албайсыз.

Анткен менен Чек арасыз кабарчылар уюмунун өкүлү Елса Видал кошумчалагандай, форумдун өтүшүнүн өзү Ташкент үчүн алдыга кадам. Анткени Европанын басма сөз эркиндигин колдогон бейөкмөт уюмдары Өзбекстанга келип, цензура маселесине, өзбекстандык журналисттердин ушул сыяктуу башка көйгөйлөрүнө кайрылуусуна жол берилүүдө.

Ал эми Эл аралык кризис тобунун медиа жана маалымат боюнча директору, Ташкенттеги форумга катышып жаткан Эндрю Строхлейндин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, талкуу "бир тараптуу жүрүүдө, анткени талкууга чакырылган саналуу өзбек журналисттери өтө этияттуулукту көргөзүштү”:

- Өзбек журналисттеринин көбү көйгөйлөр бар экенин, күн сайын өзүн-өзү цензуралоого мажбур экенин, айтууну каалаган нерселери арбын экенин, бирок айта алышпай турганын билишет. Мен биз алар үчүн жаңылык ачып жатабыз деп ойлобойм. Бирок биз өзбек журналисттеринен айрымаланып, ачык айта алабыз.

Өзбек журналисттеринин этияттануу себеби түшүнүктүү. Расмий Ташкент сөз эркиндиги, көз карандысыз малымат каражаттары же башкача ойлонгондор менен келише албайт.

Расмий Ташкент Би-Би-Синин, "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Ташкенттеги бюролорун жаап салган. Fergana.ru, Uzmetronom өңдүү маалыматт сайттар ачылбайт. Бир айча мурда мамлекеттик теле "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек редакциясынын кабарчыларын эл душмандары катары сүрөттөгөн берүүлөрдү көргөздү.

Куугунтуктан жана кысмактоодон чоочуган өзбек журналисттери бийликтин кыжырына тийүүчү саясий да, саясий эмес да темаларды чагылдырууга батына беришпейт. Алсак саясий эркиндиктин жоктугу, түрмөдөгүлөрдүн кыйноого алынуусу же пахта терими үчүн балдардын эксплуатациялануусу өңдүү маселелерди.

Өкмөттүн кызыл сызыгынан ашып кеткендер болсо ишин жоготот же түрмөгө түшөт. Ташкентте туруп Батыш маалымат каражаттары үчүн иштеген айрым журналисттер өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болду. Алардын бири - Галима Бухарбаева Ислам Каримов бийликте турган кезде басма сөз эркиндиги жаатында кандайдыр бир жылыш болоруна ишене бербейт:

- Режим прессаны жек көрөт. Мындан да аркысы бул режим эркиндиктин жоктугу, эркиндикти басуу алардын узакка жашоосунун кепили экенин жакшы билет деп айтсак болот. Каримов түшүнгөндөй, эркин эместик анын жаштыгынын, узакка өмүр сүрүүсүнүн эликсири. Ал буга эч убакта, эч убакта жол бербейт.

Өзбекстанда ачылбаган Uznews.net интернет сайты басма сөз эркиндиги боюнча Ташкенттеги конференцияны Батыш менен мамилени жакшыртууга умтулган өзбек бийлиги уюштурган көргөзмө катары баалады.

Ал эми Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына сынчыл манайда карап келген Еврошаркет жана режимдин сынчыларынын айтымында, Ташкент бул форумду Өзбекстан ачылып жатканын көргөзүү үчүн пайдаланууну каалайт.

Анткен менен өзбек бийликтери бул окуяны ички аудиторияга өзүн пропагандалоо максатында колдонуп жаткандай.

Эл аралык кризис тобунун медиа жана маалымат боюнча директору Эндрю Строхлейндин айтымында, мамлекеттик теле чет элдик конокторду узакка тартууда. Ал окуяны кандай чагылдырары, кадрдын артындагы комментатордун оозунан кандай кептер чыгары анык белгисиз, бирок чет элдик эксперттердин басма сөздүн абалы боюнча " ачык жана тике" сындары тууралуу айтары арсар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG