Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

13:14 Р.Шаботоевдин жоголушу боюнча оперативдүү иликтөө иши жүрүүдө


СДПК партиясынан депутат Руслан Шаботоевдин 3 күндөн жана депутат Жусупжан Жээнбековдун уулунун 10 күндөн бери дайынсыз жоголушу боюнча ички иштер министрлиги оперативүү иш алып барууда. Бул тууралуу Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал Р.Шаботоевдун жубайы күйөөсүнүн жоголгону тууралуу расмий түрдө кайрылгандыгын жана иликтөөлөлөрдө ал досу менен Бишкек шаарындагы “Майкл” кафесинде отурган жеринен таңкы саат 3 төр чамасында официант аркылуу бейтааныш бирөө чакырып кеткенин айтты. С.Курманалиевдин айтымында учурда аталган кафенин кызматкерлери, официанттар сурак берүүдө. Ал эми депутат Ж.Жээнбековдун баласынын жоголушу тууралуу да иликтөө иштери жүрүп жатканын, аны алып кеткен адамдын фотороботу түзүлгөндүгүн министрдин орун басары кабарлады.
Р.Шаботоевдин жоголушу туурасында депутат Бакыт Бешимов парламентте расмий түрдө билдирүү жасап, төрага тартип коргоо органдарына кайрылып, издөөгө көмөктөшүүгө кийлигишүүсүн өтүнгөн эле. (KE)

XS
SM
MD
LG