Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Талкууну Бурулкан Сарыгулова уюштурду “Азаттыктын» Бишкектеги студиясында 3-октябрда болгон тегерек үстөл талкуусунда Кыргызстандагы диний кырдаал жөнүндө сөз болду. Талкууга журналист Мыктыбек Арстанбек, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Шайлообек Үркүнбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Өмүрзак Мамаюсупов.жана акыйкатчы Турсунбек Акун катышты.

-Бүгүнкү талкуунун уюштурулушуна, албетте, Орозо айт күнкү Ноокат жаңжалы себеп болуп отурат. Айт намазга аянттан орун сураган динчилер тобу ал күнү мамлекеттик администрацияны ташбараңга алып жиберишти. Бул боюнча кылмыш иши козголду. Кандай деп ойлойсуздар сиздер, буга түрткү болгон негизги жагдайлар кайсылар, себеби эмнеде? Мыктыбек мырза кепти сиз баштайсыз го?

Мыктыбек Арстанбек: – Рахмат. Жараткан Аллахтын аты менен баштайм. Буга негизги себеп ошол Ноокат районунун акимчилиги, мамлекеттик администрация өкүлдөрү капа болбосун, алардын караңгылыгы деп айтсам болот, эгерде аларды кичине таарынтып койбосом. Себеби бул майрам шарий, өкүм майрамдардан. Муну майрамдатпай коебуз дегендерине мен таңкалам. Бул майрамда пайгамбар элин Медина шаарынын четине алып чыгып майрамдаткан. Бийликтин муну мечиттерде майрамдагыла, же болбосо такыр чогулууга болбойт дегени бул ошол жердеги элди андан бетер кыжырдантты. Мен түшүнүп атам, бул жерде кеп “Хиз-бут Тахрир” партиясы жөнүндө болсо керек. Бул майрам ал партиянын майрамы эмес. Ушуну ошол жердеги акимдер түшүнсө болмок экен. Мен буга түздөн-түз күнөөкөр деп ошол жердеги райондук администрацияны эсептээр элем.

- Шайлообек мырза, сиз оюңузду айтсаныз?

Шайлообек Үркүнбаев: – Мен өтө кубанычтамын ушундай ыйык айт майрам күндөрүндө чакырганыныздарга. Албетте, кечээги болгон окуя коопсуздугубузга, бизге жага турган реакция эмес. Негизи баары барып эле мыйзамга такалат деп айткым келет. Сиздер дагы ушуга кызыгып атсаңыздар керек, мыйзам түрүндө кандай болуш керек эле деп. Куранда айтылган, мамлекеттин бузгунчулары өлүм жазасына тартылат деп. Биздин мыйзамдарда мамлекеттин коопсуздугун бузгандар, мамлекетке чыккынчылык кылгандарга жаза Кылмыш кодексинде гана каралган экен. Азыркы мыйзам, албетте, өтө жумшак. Ал боюнча улуттук, диндик жана расалык коопсуздукту бузган адамдар бир жылдан үч жылга дейре жазага тартылат.

- Кийинки сөздү азыр байланышта телефондо турган Турсунбек Акунга дагы берип көрсөкпү деп атабыз. Айтсаныз кечээ Ноокат окуясынын, жаңжалынын чыгышынын башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Турсунбек Акун: – Мен аны Варшавада жүрүп уктум, келип тактадым. Бирок менин айтайын дегеним, кандай болгон күндө дагы бул майрамды майрамдаганга мамлекеттик администрация уруксат бериш керек эле. Бул алардын дагы чоң күнөөсү болуп эсептелет. Бирок уруксат бербей койгондон кийин да момун мусулмандар бардыгына макул болуп, Кудайдын буйругу ушул экен деп ошого макул болуп бийликти угушубуз керек эле. Анан алар мамлекеттик администрацияга таш ыргытып, айкырып-кыйкырып, жанагыдай кылганы өзү бул мусулманчылыкка жатпайт. Башкалардын укугун бузуп, укугун өтө катуу пайдалангандык болот. Башка кишилерге таш ыргытышыптыр, мусулман момун адам мындай иштерге барышыбыз керек эмес. Бул жерде чоң күнөө бийликте да бар. Андан тышкары мусулмандар дагы аша чаап кеткендиктин белгиси, мындайга барбаш керек болчу.

- Албетте бул маселенин айланасында дагы бир экинчи суроо пайда болот, бул чатакты ким чыгарды деген. Мусулмандарды муфтийи кечээ бул окуянын исламга тиешеси жок деди, Коопсуздук кеңеши болсо мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген деструктивдүү элемент деп баалады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болсо уруксат берилбеген “хизбуттахрирчилер” кылды дешти. Нааразылыкка чыккандар болсо өз кезегинде “хизбуттахрирчилердин” эч кандай буга тиешеси жок, бул атайын күч колдонуп, жергиликтүү бийлик өзү козгоп, эми актанып жатат деп жатат. Мен ушундан улам азыр Дин агенттигинин мурдагы жетекчиси, азыр Ошто жүргөн Өмүрзак Мамаюсуповго телефон аркылуу ушул суроону бергим келип атат. Өмүрзак мырза, сиз ушул чатактын артында ким турат деген суроого кандай жооп берет элеңиз?

Өмүрзак Мамаюсупов – Эми бул чатактын артында укук коргоо органдары көптөн бери билген эле мыйзамдуулукту сыйлабаган кишилер турат, булар кадимкидей эле ээнбаштык деп эсептейм. Бул кечээ, же бир күндө пайда болгон жок, узактан бери мындай топтор бар. Алар акырындык менен саясатташтыруу аракеттерин көрүшүп, бир эле майрам күндөрү эмес, башка күндөрү дагы жөн эле кадимки жашоону дагы саясатташтырганга аракет кылган, кээ бир динди дагы жамынган топтор. Булар менимче, элдин турмушу оңолгон сайын өзүнөн-өзү эле түшүнүп, буларды четке кагат деп ойлойм. Бул жалаң эле диний эмес, жалаң эле хулигандык эмес, атайын ой-жүгүртүүсү кескин экстремисттик болуп калган топтор бар. Ошол топтор менен иштебесе, бул проблема бүгүн, эртең чечилбейт. Эл өзү акырындык менен көңүл бөлүп, ошол жигит-кыздарга түшүндүрүп айтса, менимче Кыргызстанда андай окуялардын болбой калуусуна шарт толук бар, мүмкүнчүлүк бар деп ойлойм. Мындан көбүрөөк коркуштун да, саясатташтыруунун дагы кереги жок. Бул кадимки эле мал уурдагандай эле көрүнүш.

- Мыктыбек мырза, сиз кандай дейсиз?

Мыктыбек Арстанбек – Менимче бул - акыйкатчынын дагы, Мамаюсупов мырзанын дагы артистиги. Чындыкты айтыш керек. Булар ушинтип мамлекеттин көзүн боеп, гипноз менен ойноп келди. Муну көрөсүңөр кесепети кандай болуп кетээрин. Эгер мамлекет мусулмандардын диний майрамдарын аткарууга өзү демилгени албаса, жанагы сиз тергеп айтып аткан урматтуу Мамаюсупов, “Хизб-ут Тахрир” партиясы деп эле айтсаңыз болот, ошол саясий партия башка партиялардай эле бийликке келүүгө максат кылган партия. Муну эч ким жашырбайт. Муну тергебей эле айтыш керек. Саясий партиянын алдына койгон максаты ошол болот. Демек булар ар бир үмөтүн, же болбосо ар бир коомдук кыймылды саясатташтырууну алдыга максат кылып коет жана ошол партия демилгени өзүнүн колуна алууга мажбур болот. Анткени мамлекет өзүнүн жарандары болгон 80 пайыз мусулмандардын майрамын эмнеге майрамдатпайт. Мейли, “Хизб-ут Тахрирди” четке коюп туруп эле, жаңы жылды, ноорузду, отко сыйынгандардын, мугалимдердин, Валентин күнүн ж.б. койчу иши кылып 80ге жакын майрамды майрамдап атсак, кызыл болуп турган мамлекеттик майрамды майрамдабасак, албетте, кайсыдыр бир саясий партия чыгат да, анын үстүнө бул демилгени диний саясий партия алып атат. Демек бул жерде маселенин келип чыгышы “Хизб-ут Тахрирде” эмес, мына ошого мүмкүнчүлүк берип койгон жергиликтүү бийликтин караңгы төбөлдөрүндө турат.

- Анда кепти Шайлообек мырза сизге берели?

Шайлообек Үркүнчиев - Мен Мыктыбекке кошулат элем. Мухаммед пайгамбар эки гана майрам бар деп айтат мусулмандарда, бул - курман айт, орозо айт . Ошол күнү мусулмандар чоң нерсени күтөт. Албетте кечээги чыккан саясаттык нерсе, мусулмандардын эч кандай тиешеси жок, имамчылык жактардан эч кандай аракет көрүлгөн эмес. Бул тууралуу муфтиат да айтып кетти кечээ маалымат жыйынында. Жергиликтүү бийликтегилер да айтып кеткенге байланыштуу албетте муну “хизбут тахрирчилер” өткөрдү деп айтсак да болот.

Турсунбек Акун - Мен айтайын дегеним, бул жерде мамлекеттик жергиликтүү бийлик органдары да күнөөлү, андан сырткары «Хизб-ут Тахрир» партиясы дагы күнөөлү ошонун ичинде. Азыр бул партияны колдогондор көп болуп атпайбы, сакалын алып коюп, кайра коюп коюп, исламга жамынгандар да көп. Ошон үчүн бул «Хизб-ут Тахрир» партиясы аябай күч алып атат бардык дүйнөдө. Ошон үчүн тыюу салынганы туура деп эсептейм. Андан тышкары жалгыз эле “Хизб-ут Тахрир” деп жамынып албай, биздин молдокелер дагы диний кызматчылыктар, уламалар кеңеши да иштеш керек да. “Хизб-ут Тахрир” кантип күнү-түнү иштеп атат кумурскадай болуп. Биздин Ислам коомчулугу да ушул боюнча түшүндүрүү иштеринде иштеш керек да. Жергиликтүү бийлик иштеш керек да. Ушуну айтайын деп атам мен, мен тескерисинче айтып атам, бул тыюу салынган партия көп иштердин баарын жасап атат. Бирок “Хизб-ут Тахрирге” жамынып алып ислам коомчулугу администрацияга таш ыргытып, же башка иштерге барганы өзү туура эмес деп эсептейм. Мен бул жерде жойкуланайын дегеним жок, мен болгонун айтып атам. “Хизб-ут Тахрир” партиясын ооздукташ үчүн ислам коомчулугу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Жалгыз эле аларды күнөөлүү дебей, бийлик структурасы дагы оозун ачып жатып албай иштеш керек.

- Биз анда башка суроого өтөлү. Жаңы мисал, Тажикстанда Иегова күбөлөрү агымдын мурдагы чечимди жок кылуу тууралуу арызын кечээ аскер соту карап,коопсуздукка каршы деп туруп каанаттандырган эмес экен. Бул уюмга Тажикстан өкмөтү 2007-жылы тыюу салыптыр. Кыргызстанда тыюу салынган мындай уюмдардын саны онго жакын деп кечээ дин агенттигинин башчысы Осмоналиев билдирди. Бирок маселен, «Хизб-ут Тахрир» өңдүү уюмдардын ишмердүүлүгү жашыруун кеңейип жатат деген сөз ачык эле айтылып келатпайбы көптөн бери эле. Дин саясатын жөнгө салуу үчүн мамлекет кандай чараларды көрүшү керек? Шайлообек мырза ушул суроого сиз баштасаңыз жоопту.

Шайлообек Үркүнбаев. – Албетте эң биринчи мыйзамды кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү долбоор 1995-жылдан бери эле көтөрүлүп келаткан экен, иштеп жаткан мыйзамыбыз 1991-жылы кабыл алынган экен. Бүгүнкү күнгө дейре мыйзамдын долбоору кабыл алына элек. Мына ошол долбоорду кабыл алсак бүгүнкү заман, өзгөрүлгөн убакытка жараша, ушундай агымдардын көбөйгөнүнө жараша мыйзамды бекитип алсак эң сонун болмок деп айтып кетет элем.

Турсунбек Акун - Мен ойлойм бул маселе боюнча бизде диний концессия бар, ошого биз 1998-жылы кол койгонбуз. Ошонун негизинде бардык уюмдарды катташыбыз керек. Ал эми тыюу салынган уюмдар болсо алар мыйзам тарабынанбы, же атайын чечим тарабынан кабыл алыныш керек. Ал эми Тажикстандын бийлиги болобу, Кыргызстандын бийлиги болобу ошондой уюмдарды каттабай коюу бул мыйзамсыздыкка жатат. Бирок экстремисттик уюмдар болсо, мисалы «Хизб-ут Тахрир» партиясы сыяктууларды каттабай коюу туура, анткени алар Борбор Азиядагы мамлекеттердин чегинде жокко чыгарылган.

Мыктыбек Арстанбек – Биринчиден, тыюу салуу менен каттабай коюнун айырмасы бар. Биздин мамлекет демократиялык деп, демократиянын эрежеси менен карай турган болсок тыюу салалбайбыз. Каттабай коюу башка маселе. Демек “Хизб-ут Тахрир” биринчиден агым эмес, бул саясий партия. Саясий партияга тыюу сала турган болсок демократия болбой калат. Бирок каттабай коюу мүмкүнчүлүгү бар мамлекетте. Бүгүнкү күндө “Хизб-ут Тахрир” партиясын мамлекет каттабай койду. Бирок алардын жүргүзүп аткан ишине эч ким тыюу салалбайт, алар кадимкидей жүргүзө берет ишин. Биздеги канча партия болгон болсо, ошондой партиялардай эле ишин жүргүзө берет, эл ичинде өзүнүн элоктораты иштей берет. Ал эми Иегова жана башкалар алар агымдар, болгондо дагы диний эмес, диний-деклоративдик агымдар. Мына жаңы мыйзамды айтып атат Шаке, жаңы мыйзамда да түшүнүктөр атеисттик көз караштан алынып калыптыр. Мына ошолордой эгерде биз чыныгы түшүнүктөрдү бере турган болсок гана ал закон ишке кирет.

- Өмүрзак мырза, дин саясатын жөнгө салуучу мамлекет кандай чараларды көрүш керек. Мисалы сиз да мурда иштеп келдиңиз эле?

Өмүрзак Мамаюсупов – Бул маселе мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Ошондондуктан укуктук негизди Кыргызстан тандап алган. Мен бир жарым жылдан ашык бул маселе боюнча иштебейм, өзүмдүн кесибим боюнча иштеп жүрөм. Бирок Кыргызстанда мыйзамдуулук сакталганга аракет кылынып жүрөт. Муну саясатташтырышка, бири-бирибизге ар кандай ярлык такканга болбойт. Кыргызстанда мыйзам чегинде биздин мусулмандарыбызга толук мүмкүнчүлүк берилген, майрамдык эч тоскоолдук жок. Мен ошондой деп билем. Ал эми калгандары соттор, эл аралык укуктун негизинде өздөрүнүн таламдарын талашып жүрүшөт. Алардын дагы биздин мыйзамдардын өзгөрүшүнө жараша, элдин мамилесине жараша бардыгы өз-өз нугуна келет.

- Мисалы Ноокат чатагында адам укугуна шек келген жагдайлар түзүлдү деп, ага катышкандардын айрымдары “Азаттыкка” айтып атышат. Бул жерде адам укугунун акыбалын кандай баалайсыздар? Мисалы Мыктыбек мырза, сиз айтып жатасыз каттабай коюу маселеси жөнүндө? Мыйзам долбоорунда да бул өңүт башкы маселе катары кирген экен.

Мыктыбек Арстанбек – Ар бир мамлекетте демократия өзү каалагандай түшүнүп алганга жараша болот. Эгерде идеядагы демократия десек, анда биз диний партияларга уруксат беришибиз керек эле жана ал партиялардын демилгесин мамлекет колдош керек эле, же колдобош керек эле. Болгону гана ушул, тыюу салуу, ташбараңга жеткирүү эмес. Адам укугу ушул мунарадан каралмак. Эми бүгүнкү күндө демократияны биз өзүбүзгө ыңгайлуу демократия кылып алдык. Ошондуктан бул жерде укук жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Дин эркиндиги менен ишеним эркиндиги экөө чиеленешип кеткен, экөө эки башка нерсе. Бизде Кыргызстанда дин эркиндиги жок, ишеним эркиндиги бар. Дин эркиндиги болбогондуктан мусулмандардын укугу деген сөздүн өзү күлкү келерлик нерсе.

- Шайлообек мырза сиз айтсаңыз, адам укуктары дин эркиндиги жаатында жаңы иштелип жаткан долбоордо кандай каралган?

Шайлообек Үркүнбаев – Албетте жаңы мыйзамда көп түшүнүктөр айтылган, экстремизм деген эмне, башка динге өтүп кеткендер эмне, секта деген эмне, ушундай көп-көп түшүнүктөр белгиленген. Мыктыбек мырза айткандай, каттоодон өткөрбөй коюш деген маселени койгондон кийин, албетте каттоодон өтпөгөн кандайдыр бир уюм бул толук, кенен иш жүргүзө албайт. Иш жүргүзө албагандан кийин ал мыйзам ченемдүү жазасын алат. Мисалы исламды туура түшүндүрүү маселени көбүрөөк коюшубуз керек, исламды туура түшүнсө бул сабырдуулук, тынчтык деп көп айтылат. Ал эми дин бузаар, жанагыдай коопсуздукту бузаар агымдар келип аткан болсо, аларга биз тыюу салып каттоодон өткөрбөгөнгө аракет кылып туруп мыйзам ченемдүү жазасын көрүшүбүз керек.

- Турсунбек мырза, жаңы даярдалып жаткан мыйзам долбооруна карата көз карашыңыз кандай?

Турсунбек Акун - Ал мыйзамдын көп туура эмес жактары бар, анткени эл аралык диний дүйнөлүк концессияга биз 98-жылы кол коюп койгонбуз. Андай болгондон кийин Кыргыстандагы болуп аткан диний агымдарды токтотконго мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анда ошол концессияны ратификациялап алып коюшубуз керек. Ал концессияны тааныбайбыз деп туруп андан кийин ушул мыйзамды кабыл ала берсе болот.

(Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун түз ободогу “Азаттыктын” тегерек үстөл талкуусунун айрым суроолоруна техникалык себептерге байланыштуу кийинчерээк жооп берди. )
XS
SM
MD
LG