Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

КАЗАК СЕНАТЫНА КАЙРА ЭЛЕ ПРЕЗИДЕНТ ПАРТИЯСЫ ТАНДАГАНДАР КЕЛЧҮДӨЙ


Казакстанда бүгүн парламенттин жогорку палатасы – Сенатка шайлоо өтөт. Бирок бул саясий өнөктүк үчүн "шайлоо" деген сөздү колдонуунун өзү жаңылыштык болушу мүмкүн. Сенатка келүүчүлөр эл эмес, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кеңештер тарабынан тандалат.

Казакстандын Сенаты 47 адамдан турат. Алардын 15ин өлкө президенти өзү дайындайт, калган 32си шайлоо жолу менен келет. Бирок шайлоо ар үч жылда бир жолу Сенаттагы орундардын жарымы үчүн гана өткөрүлөт. Демек, бүгүн - 4-октябрда 16 сенатор аныкталмакчы. Сенаторлордун иштөө мөөнөтү алты жыл.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев биз менен болгон маегинде белгилегендей, шайлоо түз эмес кыйыр түрдө өткөндүктөн көпчүлүктү деле кызыктырбайт:

-Сенаторлорду иш жүзүндө маслихаттар шайлайт. Алар формалдуу түрдө бийликтин жер –жерлердеги өкүлчүлүктүү органдары катары эсептелгени менен из жүзүндө акимчиликтер менен тыгыз байланышта. Андыктан Сенатка шайлоо казакстандык коомчулук үчүн кызык эмес. Сенаторлордун тизмеси, мамлекеттик бийликтин структураларында такталып, иргелет. Ушундан улам бул шайлоо кандайдыр бир күтүүсүз окуяны, интриганы алып келбейт.

Казакстан 2010-жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунда төрагалык кылууга даярданып жатканын, уюмга берген убадаларын аткара электиги үчүн сынга алынып келингенин эске алганда, парламенттин жогорку палатасына шайлоо, балким өлкөгө ЕККУнун принциптерин көздөй кадам шилтөөсүн көргөзүүчү бир мүмкүнчүлүк болмок.

Бирок Казакстан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбачыдай. Жергиликтүү саясат таануучу Борихан Нурмухамедовдун айтымында, Сенатка кайра эле президент Нурсултан Назарбаевдин Нур – Отан партиясынын өкүлдөрү келгени турат:

-Баардык көрүнүштөгө караганда, Нур -Отан партиясынан гана көргөзүлгөн талапкерлер жеңип чыкчыдай. Кокус алар эмес, башка талапкерлер шайланып калса, бул Нур - Отан партиясынын ичинде олутуу кризис бар экенин көргөзөт.

Президент Нурсултан Назарбаевдин Нур - Отан партиясы азыр парламенттин төмөнкү палатасы – Мажлистеги 93 орундун баарын ээлейт. Соңку шайлоо былтыр августа өткөн. Быйыл жайда ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Астанадагы жыйынында сүйлөгөн учурунда президент Нурсултан Назарбаев парламент келечекте, кем дегенде эки партиядан туруш керектигин айтып чыккан эле.

Айрымдар президенттин мындай билдирүүсүн өлкөдө мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн экендигине жоорушкан. Бирок сентябрда парламенттин күзгү сессиясынын ачылышынка катышкан кезинде Назарбаев мөөнөтсүз шайлоо үчүн саясий да, башка да себеп жок экенин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG