Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

11:50 Б.Бешимов: К. Кабилованын кызматын таштап чет жакка кетип калышы кадр саясатындагы кризис


Бул учурдагы кадр саясатынын туура эмес жүргүзүлүп жатканынан жана бийлик ичиндеги моралдык абалды билдирет. Мындай көз карашын Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынан депутат Бакыт Бешимов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал ошондой эле Башкы прокуратура Клара Кабилованын видео кайрылуусуна байланыштуу козгогон кылмыш иши боюнча сурак берүүдөн депутаттар баш тартты деген интернет сайттарга чыккан маалымат туура эмес экендигин кошумчалады. Бешимовдун айтымында, 2-октябрда парламентте Салык кодекси кызуу талкууланып жаткандыктан Башкы прокуратуранын кызматкерлерин Жогорку Кеңештин имаратына келүүнү сунушташкан. Алар менен саат 16:30 Бакыт Бешимовдун иш бөлмөсүндө жолугуп, сурак берүүгө макулдашып, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов болуп күтүшкөн. Бирок Башкы прокуратуранын кызматкерлери келишкен эмес. “Биз башкы прокурорго кат жөнөттүк. Сиз менен укук негизинде гана иш алып барабыз деп. Анткени биз сезип жатабыз. Алар мазмуунду жагына көңүл бурбай эле, “бөйрөктөн шыйрак” чыгарганы жатат. Башкы прокуратуранын кандай милдет аткарып жатышканын үч жылдан бери көрүп эле жатпайбызбы”,-деди Бешимов. (AJ)

XS
SM
MD
LG