Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

12:35 Кинорежиссер Болот Шамшиев Москвадагы эл аралык кинофестивалда атайы сыйлыкка ээ болду


Бешинчи жолу өтүп жаткан “Жаңы кино.21-кылым” эл аралык фестивалында Болот Шамшиевге “Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн” атайы сыйлыгы ыйгарылды. Фестивалда КМШ өлкөлөрүнүн, Латвия, Литва жана Эстониянын эң мыкты делген кинотасмалары сынга коюлган. Ал эми сыйлыктар 3 номинацияда-документалдык, дебюттук жана балдар киносу багыты боюнча берилди. 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн иш чаранын алкагында тегерек стол маек уюштурулуп,анда мурунку СССРдин аймагында бирдиктүү кинематографисттик мейкиндикти калыбына келтирүү жөнүндө талкуу болду. (AzK)

XS
SM
MD
LG