Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

18:05 Кочкордогу “Ормон хан” шайлоо чөлкөмүндө эки сааттай жарык болгон жок


Күндүзгү үчтөн бешке чейин жарык жок болгонун аталган шайлоо чөлкөмдөн көз карандысыз байкоочу Асеин Саралаев “Азаттыкка” билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү муну шамалдан улам кокустук деп түшүндүрүшкөн. А. Саралаев аймакта шамал деле болбогонун, ошондон улам жарык эмнеге өчүрүлгөнү түшүнүксүз калганын билдирди. Жергиликтүү аткаминерлер улам шайлоо округуна келип-кетип, шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнө тымызын кысымдар болуп жатканын кошумчалады. Кыргызстанда энергетикалык кризиске байланыштуу бир нече айдан бери жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жаткан. Бирок өлкө бийлиги добуш берүү маалында жарык өчүрүлбөйт деп убада кылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG