Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:58

15:22 Нура айылындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 72 адамга жетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү Елена Баялинова билдирди. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Басма сөз кызматынын жетекчиси Абдысамат Баязовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кырсык болгон жерге шашылыш түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 50 куткаруучусу жана Коргоо министрлигинин 100 жоокери жардамга жөнөтүлдү. Жаракат алгандар болсо, Коргоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учактары менен Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилүүдө. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев бүгүн эртең менен 10 куткаруучу менен биргеликте Бишкектен зилзала болгон айылга учуп барган. Ошондой эле жер титирөө катталгандан кийин түнкү саат экиде, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Муканбет Касымалиев 4 камазга жүктөлгөн керектүү буюм-тайымдарды алып Нура айылына жөнөп кеткен. Учурда окуя болгон жерге президент Курманбек Бакиевдин барышы күтүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG