Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

15:40 Укук коргоо органдары СДКнын жоголгон мүчөлөрүн жакшы издебей жатат


Бул тууралуу Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов билдирди. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы жана аталган партиянын парламенттеги өкүлдөрү укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, Руслан Шабатоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун баласы Бактияр Амиржановдун жоголушу боюнча канааттандыралык маалымат ала алышпаганын белгиледи. Ушундан улам катуу тынчсыздануусун билдиришти. Бул окуяларды тез арада, иликтеп чыгууну өлкө жетекчилигинен талап кылган жети миңдей адамдын колу коюлган кат бар экенин маалымдады. Эгерде укук коргоо органдары чындап издөөгө киришпесе, анда саясий чечим чыгарууга аргасыз болобуз, деди Б. Бешимов. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шабатоевдин туугандарынын билдиришинче ал 30-сентябрь түнү үйдөн кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бактияр Амиржанов 24-сентябрь күнү жоголгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG