Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

11:13 10-октябрда Бишкекте Евразия экономикалык жамааттын Мамлекеттер аралык кеңеши болот


Анда 15 маселе талкууланары күтүлүүдө. Маанилүү маселелердин катарында ЕврАзЭЖди 2008-2010-жылдары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу чаралары бар.
Ага Эл аралык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары катышат. Армения, Молдова, Украина байкоочу катары катышаары күтүлүүдө. Мындан тышкары бажы союзун, бирдиктүү экономикалык аймакты түзүү, энергетикалык рынокко, транспортко, социалдык-гуманитардык алакаларг, азык-түлүк коопсуздугуна, миграция саясатына, ЕврАзЭЖди башкарууну өркүндөтүүгө байланышкан маселелер каралат деп күтүлүүдө. Мындай маалыматты бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма кызматы таратты. ЕврАЗЭЖге Кыргызстан, Беларусь, Казахстан, Россия, Таджикистан, Узбекистан мүчө.(BuS)

XS
SM
MD
LG