Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ КЫРГЫЗ ТИЛ МАЙРАМЫН ӨТКӨРӨТ


Эртең 8-октябрда финансы министрлигинин жамааты Бишкектеги тарых музейинин имаратында “Кыргыз тил күнүн” майрамдайт. Майрам “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген аталыш менен өтүп, майрамдын жүрүшүндө көркөм өнөрдүн жанрлары боюнча сынактар өтөт. Ошондой эле “Финансылык терминдердин сөздүгүнүн” бетачары болот.

Каржы министрлигинин “Кыргыз тил күнү” майрамында кыргыз ырлары улуттук аспаптардын коштоосунда аткарылып, учкул сөздөрдү, макал-ылакаптарды, жаңылмачтарды айтышуу боюнча сынактар өтөт. Министрликтин бөлүмдөрүнүн мурдатан даярдалган дубал гезиттери да сынга коюлат. Ошондой эле бул иш-чарада “Финансылык терминдердин сөздүгүнүн” бетачары болот. Сөздүк аталган министрликтин котормо жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан орус тилинен кирген терминдерди кыргызчалатуу максатында иштелди. Мына ушул бөлүмдүн башчысы Роза Бектурова сөздүк тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

-Бул сөздүк эми Каржы министрлигинин тарыхында биринчи жолу чыгып жатат. Сөздүктү биз өзүбүзчө эле чыгарып койбой, президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын котормо боюнча эксперттеринин талкуусунан жана талдоосунан өтүп анан редакциялык кеңештин сунушу менен чыкты. Сөздүк миң нуска менен басылып, республиканын айыл өкмөттөрүнүн баарына бекер таратылып берилди.

Сөздүктү басып чыгаруу Роза Бектурова айымдын айтымында эми эл аралык финансылык терминдерди кыргызчалатуу менен уланмакчы:

- Мүчүлүштөр албетте болбой койбойт. Бул сөздүктүн үстүндө дагы оңоп-түзөө иштерин жүргүзө беребиз. Ошондой эле алдыда эл аралык финансылык терминдерди кыргызчалатууну пландаштырып жатабыз.

Каржы министрлигинин аймактардагы бөлүмдөрүндө абал кандай? Аталган министрликтин уюштуруу жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн началниги Кубат Мусаевдин айтуусунда аймактардан иш-кагаздары кыргыз тилинде келет жана аларга министрлик тарабынан кайтарылган жооптор да кыргыз тилинде:

-Каржы министрлигинин аймактарда бөлүмдөрү бар эмеспи. Алар менен мамлекеттик иш-кагаздары кыргыз тилинде жүрүп келатат. Ошондой эле Кыргызстандагы ар майрамды, оюн-зоокторду биз мамлекеттик тилде өткөрүп келатабыз. Министрликтин котормо бөлүмү финансы иштерине тиешелүү адабияттарды, мыйзамдарды дароо которуп, аймактарга жөнөтүп турат.
XS
SM
MD
LG